"Жашоо дарагы"

Википедия дан

"Жашоо дарагы" (лат. arbor vitae) – алгачкы коомдун космогониялык ой жүгүртүүлөрүнөн келип чыккан көркөм өнөрдөгү эң байыркы символдук мотивдердин бири; адам, жаныбар, куштардын тулкусунан турган дарак. «Жашоо дарагы» Байыркы Чыгыштын көркөм өнөрүндө сыйынуучу мааниге ээ болгон (883–859; Ашшурнасирпал IIнин ак сарайындагы ассириялык рельеф). Бир аз кечирээк Адам менен Еванын «таанып-билүү» жана «жандандыруучу Крест» дарактары менен окшоштурулган (Хильдесхаймс соборунун коло эшиктери, 1015). «Жашоо дарагы» эл чыгармачылыгындагы сүйүктүү мотивдерден болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1