"Кошчу" союзу

Википедия дан

"Кошчу" союзуОрто Азия жана Казакстандагы эмгекчи дыйкандардын интернационалдык уюму. Түркстан Компартиясынын 5-съездинин (1920-жылы сентябрь) чечими боюнча кедейлер комитети менен кедейлер союзунун ордуна түзүлгөн. 1921-жылы декабрьда Олуя-Ата (Тараз) шаарында өткөн «Кошчу» союзунун Бүткүл түркстандык 1-съезди жергиликтүү улуттагы дыйкандарды социалдык, агрардык кайра түзүүлөргө, коомдук-саясий турмушка массалык түрдө тартууну милдет кылып койгон. «Кошчу» союзу жер суу реформаларын ишке ашырууда, дыйкандарды жерге жайгаштырууда, кооперативдештирүүдө, аларды айыл чарба шаймандары, унаа менен камсыз кылууда, айыл чарба салыгын жыйноодо, эл арасында маданий-агартуу жана үгүт иштерин жүргүзүүдө совет бийлигине жигердүү жардам берген, бай-манаптарга каршы күрөшкөн. «Кошчу» союзу 1929-жылы «Жарды-жалчы уюму» болуп өзгөргөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору,И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети, - Бишкек 2003