"Кыргыз" этноними

Википедия дан

Кыргыз деген этноним кайсы кылым да пайда болгон

Кыргыздардын теги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздардын тарыхын башка түрк же могол элдеринин тарыхы сыяктуу эле терең изилдеп, өз кезиндеги мыкты окумуштуу академик В.В.Бартольд (1869—1930) төмөнкү баасын жазат: «Кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринен болуп эсептелет. Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен, азыркы убакта, сыягы, өзүнүн аты тарыхта мынчалык эрте эскерилген бир дагы башка эл жок көрүнөт».

Кыргыздардын теги жөнүндө сөз жүргөндө алардын түрк элдеринин бир бутагы экендигинде, жалпысынан, шек жок. Айрым европалык окумуштуулардын (К. Менгес ж. б.) кытай булактарындагы кыргыздардын сырткы өң-түспөлү тууралу үзүл-кесил кабарга негизденип, кыргыздардын түрктөшүп кеткен элдердин урпактары катары божомолдогону да белгилүү.

Арийне, бүгүнкү инди-европа тил түркүмүндө сүйлөгөн калктар ар кыл расага таандык болуп калгандай эле, түрк элдеринин ата-бабасы да б. з. ч. II миң жылдыкта (алар тарыхый баяндоолордо чагылдырыла электе эле) европеоид жана монголоид расаларындагы этностордун өз ара жуурулушуу мейкиндигинде жашашкан.

Демек, прототүрк диалектилеринин биринде сүйлөгөн кыргыздар б. з. ч. II миң жылдыкта эле бул эки расанын өз ара жуурулушкан белгилерин өзүнө камтыган эл болгон.

Кыргыз» аты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздардын өзүнө берген аты (эндоэтноними) — «кыргыз» сөзү түрк тилдеринин гана негизинде чечмеленүүчү мааниге ээ.

«Кыргыз» сөзүн чечмелөөдө анын ар кыл варианттары бар экендигин эске алуу керек. «Элдик чечмелөө» (элдик этимология) деңгээли жана илимий чечмелөө — бири-биринен кескин айырмаланат. Эгерде «элдик чечмелөө» ар кыл уламыштарга, жомокторго, сөздүн маанисинин болжолдуу жакындаштырылышына кегизделсе, илимий чечмелөө — тилдин байыркы айтылышына негизденүү менен тарыхый чындыкты аныктоо аракети жагынан айырмаланат.

Өз элинин тарыхын терең үйрөнүүгө ынтызар адам бул эки жагдайды тең эске алышы керек.

«Элдик чечмелөө»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эски доорлордон калган элдик чечмелөөнүн бир түрү — «кыргыз» этнониминен «кырк» деген сандын маанисин ажыратуу менен айырмаланат.

Бирлери — «кырк гуз» (кырк огуз уруусу), экинчилери — «кырк жүз» (казактын «жүз» деген уруу бирикмеси сыяктуу уруу бирикмелердин кыркы), үчүнчүлөрү — «кырк кыз» сөзүнөн келип чыккан деп жоромол кылышат.

Ошондой эле уламыштардын эң эскилеринин бири XVI к. «Тарыхтардын жыйындысы» деген маанини билдирген «Мажму ат-Товарих» аттуу фарсы тилинде жазылган ферганалык Сайф ад-Дин Ахсыкенди деген молдонун эмгегинде чагылдырылган.

Өзгөндүн тоолорунда жашаган огуз урууларына айтылуу Санжар султан кол салган имиш. Бул султан деле башка бир огуздардын бийлик эгеси болгон. Бул алааматта кырк гана огуз тирүү калып, Коженттин жанындагы тоолорго барып баш калкалаган.

Аксылык молдо Сайф ад-Дин ушул кырк огуздан («кырк гуз») кийинчерээк кыргыздар келип чыккан деп эсептеген.

Ал эми айтылуу түркмөн ханы жана тарыхчысы Абу-л-Газы Бахадур-хан (XVII к.) өзүнүн «Түрк санжарасы» — «Шежере-йи түрк» деген эмгегинде кыргыздарды Огуз-хандын Кыргыз аттуу небересинин урпактары катары баяндайт. Бул түшүнүк да кыргыздарды огуз урууларынын бир бөлүгү катары эсептеген элдик уламыштар менен байланыштуу. Осмонаалы Сыдык уулу (1875—1940), Талып молдо Байболот уулу (1849—1949) сыяктуу кыргыздын бир катар санжырачылары да уламыштык Огуз ханды кыргыздардын байыркы ата-теги катары билишкен.

«Кырк кыз» менен кыргыздын ата-тегин байланыштырган уламыштардын бири төмөнкүдөй. Илгери-илгери бир падыша болгон экен. Анын кызы жана кызынын кырк кенизеги — аны дайыма коштоп жүрүүчү күң кыздары болгон. Падыша өз кызын эч кимге көрсөтпөй багып чоңойткон. Күндөрдүн биринде сейил куруп жүргөн кыздар өзөн жээгине (башка варианты боюнча — көл жээгине) барышат. Суудагы көбүктү көрүшөт. Ага таң калышып, суу чачышып ойноп, көңүл ачышат. Кийинчерээк ошол көбүк менен ойногон кыздардын боюна бүтөт. Каарданган падыша аларды ээн тоого жеткиртип таштайт. Ошол кырк кыздан туулган балдардын урпактары кийин кыргыз элин түзгөн.

Кытайды монголдор бийлеп турган доорду чагылдырган «Юань сулалеси тарыхы» — «Юань ши» деген кытай тилинде жазылган эмгекте да кырк кыз тууралу айтылат. Кытайлык кырк кыз илгерки бир замандарда Ус жергесине (огуздардын арасына?) — түндүк тарапка барып калган экен. Алардын Ус өрөөнүнүн эли менен болгон никесинен таралган урпактар — кыргыздар имиш. («Ус» топонимин кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур «огуз» деп түшүндүрүүгө аракеттенген).

Бул уламышты жазган кытай тарыхчысы: ки-ли-ки-цзы (кыргыз) — бул элдин тилинде «кырк кыз» дегенди туюндурат, — деп өз жоромолун бекемдөөгө аракеттенген жана «кыргыз» этнониминин өзүндө да «кырк кыз» түшүнүгү камтылган деп эсептеген.

Башка бир уламышта кырк кызын ээрчитип сейилдеп чыккан бир хан кызы кызыл тайганды кубалап ойношкону айтылат. Кийинчерээк алардын боюна бүтүп, кырк кыз менен кызыл тайгандан таралгандар кыргыздар болгон имиш.

Бул уламыш кыргыз элине мусулман дининин таралуу учурунда пайда болгон. Дин жөнүндө маалыматы бар молдо, сопулар билимдүү эсептелишкендиктен, "кыргыз" этноними жөнүндө легенда "токушкан". Ошол кездеги көчмөн элдин турмушу молдо сөрөйлөр үчүн "жапайы", цивилизациядан артта калган эл катары көрүнгөн. Бул уламыш бир чети кыргыздарды шылдыңдоо иретинде да пайда болгон.

Бул уламышка XIX—XX кк. кыргыз санжырачылары арданышып, аны четке кагышкан. Бирок байыркы кыргыздарды «бөрүдөн таралган» деген кытай булагында жазылган уламыш да бар. Дагы салыштырып көрсөк, кайсы бир кыргыз уруусу өзүнүн тегин бугу эне менен байланыштырса, башкасы — багыш менен, үчүнчүлөрү — илбирс менен ж. б. тотемдик (сыйынуучу) жаныбарлар менен байланыштырышкан.

Казак окумуштуусу Чокон Валиханов (XIX к.) эскергендей, тибеттиктер да өз тегин ит менен байланыштырган. Усундардын жана алтайлык түрктөрдүн, кийинчерээк монголдордун уламышында да өздөрүнүн бийлик эгеси көк бөрү менен байланыштырылып (анын сүтүн ичкен же андан төрөлгөн деп) баяндалганы маалым. Кызыл тайган жана кырк кыз уламышы кайсы бир доордо айтылганын чычалабай билип жүрүү эп. Бул уламышта, демек, «кырк кыз» түшүнүгү өзөк катары пайдаланылган.

Ал эми кытайлык кыргыз санжырачысы Үсөйүн ажы (1916-ж. туулган) Кыргыз байыркы Огуз хандын кичи аялынан туулган Деңиз хандын урпагы болгон деген санжыралык уламышты эске алат. Арийне, өзүнүн пикирине караганда, «кыргыз» сөзү «кыр гез» («кыр киши») деген сөздөн өзгөрүлүп калган имиш. Байыркы түрктөрдүн Калач хан аттуу падышасы болуптур (чынында мындай хан болгон эмес, бирок калач, халач аттуу түрк эли болгон. — Авт.). Баласы чоңойгондо чечек чыгып, бети чаар болуп калганда Калач хан буга арданып, кырк кенизекти кошуп туруп, адам көрбөгөн тоонун арасына: «кыр гез» («кырды кезип оокат кыл») деп таштап салыптыр. Тоо мекендеген бул адамдардан (кырк кыз менен Калачтын уулунан) кийинчерээк кыргыз эли пайда болгон имиш.

Демек, Үсөйүн ажы вариантында кырк кыз идеясы «кыр гез — кыргыз» этимологиялык жоромолу менен айкалыштырылып берилген. Анвар Байтур жазып калтырган кытайлык кыргыздардын санжыраларынын биринде Кара хандын уулу Огуз хандын жыйырма төрт небереси болгон делет. Алар бир көк бөрүнү өлтүрмөкчү болушат. Көк бөрү Теңирге жалынып, кыян, сел жүргүздүрөт. Жыйырма төрт огуздун эң кичүүсү бийик тоого качып кетип аман калат. Бул «кыр огуздан» кийинчерээк кыргыздар тараган имиш.

Айтмакчы, жогорураакта айтылган «кырк кыз жана көбүк» уламышындагы «көбүк» сөзүн казак акыны Олжас Сулейменов «көбөк», «көпөк» («Дөбөт») сөзүнүн өзгөрүлгөн түрү деп эсептейт. Сибирдеги тоболдук татарлар да өзүнүн тегин Ак көбөк (Ак дөбөт) менен байланыштырышат. Түрктөрдүн «ногой» этноними да монголчо «нохой» — «ит» сөзүнөн келип чыккан. Демек, кыргыздын ар бир санжыралык уламышын башка элдердин санжыралары менен да салыштыруу кызыктуу маалыматтарды жана бүтүмдөрдү берет.

Кыргыздардын айрым уруулары исламга тартыла баштаган доордо (X—XV кк.) кыргыз теги тууралу уламыштар ислам динин таратуучулар менен да байланыштырыла баштаган. Маселен, «Мажму ат-Таварих» деген жогоруда айтылган XVI к. таандык эмгекте исламдын сопу агымынын баштоочуларынын бири Шейх Мансур ал-Халлаж (өзүн «Ана-л-хакк» — «Мен — Акыйкатмын! Мен Кудаймын!» деп жарыялаган сопу; 858—922-жж. жашаган) кыргыздардын Коженттеги бөлүгүнүн жолбашчыларынын атасы катары баяндалган.

Кыргыздын Лур-хан жана Лур-бузург (Аз-хан жана Аз-бузург) деген жолбашчылары да ушул Ана-л-хакк (Шайык Мансур) деген адамдын уулдары имиш. Кыргыз санжыраларында «Ана-л-хакк» сөзү «Аналак» деп, «Шайык Мансур аты «Шаа Мансур, «Самансур» деп өзгөрүлүп колдонулган учурлар да көп.

Тарыхчы Анвар Мокеев илимге белгилүү кылган XIX к. «Шажара-йи насаб-наме-йи илатийа» — «Элеттиктердин тек жайы (жана) санжырасы» аттуу автору белгисиз кыргызча эмгекте Ана-л-хакктын ысмы толугу менен Шейх Мансур Халлаж деп жазылган. Абдыкерим Сыдык уулу (1889—1938) жазып калтырган санжыралык вариантта Шамансур деген такыба адам жана анын карындашы Анал жөнүндө сөз жүрөт. Күндөрдүн биринде Шамансур бир жакка кетип калып жүргөн Аналдын артынан ээрчип, үңкүргө келет.

Ал жерде жородо отурган жаштар аны акелеп-жакелеп жатып шарап ичиришет. Шамансур кызып калат да: «Ана-л-хакк, Мен хам хакк», — деп айта баштайт. Башкача айтканда: «Анал да акыйкат, мен да акыйкатмын», деген. Аны уккан молдолор: «бул өзүн Кудайга (Акыйкат — Алланын асымдарынын бири) теңеп жатат», — деп ханга даттанып айтып келишет.

Бул санжырада катачылык бар: «Ана-л-хакк» деген арабча сөз «Мен — Акыйкатмын» деп кыргызча которулат, бирок андагы «Ана-л...» бөлүгү кыздын ысымы катары айрым санжыраларда чаташтырылып айтылып калган.

Анал менен Шамансурду хан өлтүрүп, сөөгүн өрттөтүп, күлүн сууга сапыртат. Суу хан сайрайынын көлмөсүнө куюп, анын көбүгүнө хандын кырк кызы жуунуп, бойлоруна бүтөт. Ошол кыздардын отузунан кыргыздын отуз-уул (оң канат) жана онунан — он уул сол канат) бөлүктөрү пайда болгон имиш.

Жалпысынан, мусулман доорундагы кыргыз санжыралары адамзаттын баарысынын ата-теги Адам атага жана Обо энеге барып такалат деп түшүндүрөт. Адам атанын тукумдарынын бири Нух пайгамбар (библиялык Ной). Жомокто топон суудан соң Нух пайгамбардын өзү сактап калган жакындары, жан-жаныбарлар жашоосун улантат делет. Нухткн үч уулу — Хам, Сам (Сим), Йафас (Йафет) болгон экен. Түрк элдеринин мусулмандык санжырасында Йафастын уулдарынын бири Түрк болгон делет. Кыргыз санжыралары дал ошол Түрк Йафас уулунун урпактарынын бири Кыргыз болгон, демек, Кыргыздын түпкү ата-теги башка элдердикиндей эле Адам атага барып такалат деп эсептешкен.

Дал ушундай жоромол аркылуу мусулман кыргыз санжырачылары Кыргыз ата эң байыркы учурларда жашаган деген бүтүмгө келишкен.

Маселен, Осмонаалы Сыдык уулунун пикирине караганда: «Кыргыз дүйнөгө Мухаммедден — Ага бейкуттук жар болсун — 3400 жыл мурун келген. Азыр 4700 жыл чамалуу болуп калды», — деген бүтүмү туура көрүнгөнсүйт. Ал эми Талып молдо Байболот уулу: «Мындан 4800 жыл чамалуу илгери атагы ааламга белгилүү болгон Огуз хандын бир небереси Кыргыз деген киши экен», — деп санжырасына жазат.

Тоголок Молдо (Абдыракман Байымбет уулу; 1860—1942) жазган санжырада Нух пайгамбардын үчүнчү баласы Жапистин (Йафас) уулу Түрк. Анын сегизинчи муундагы тукуму Огузкан. Анын уулдарынын бири Кыргыз. Түрк атанын тогузунчу муундагы урпагы болгон Кыргыздан тараган эл «мындан мурун 2700 жыл чамасында дайындуу» деп баяндалган.

Айтылуу кыргыз тарыхчыларынын бири Белек Солтонкелди уулу Солтоноев (1878—1938) «Кыргыздар хижрадан (мусулман зманынан) 3400 жыл мурун чыккан Огуз хандын небересинен таралганына караганда алар эң эски улут экендигинде шек жок», — деп жазуу менен бирге 3400 деген эсепке өзүнүн күмөнү, шеги бардыгын да белгилей кеткен.

Тыянактап айтканда, «кыргыз» сөзүнүн жана «кыргыз» тегинин келип чыгышы тууралу элдик чемелөөлөрдү, ар кыл уламыш, аңыз, жомокторду билип жүрүү пайдалуу. Бул уламыштар кыргыздардын ата-бабалары өз тарыхына дайыма кызыгып жүргөндүгүн айгинелейт. Алар санжыралар аркылуу өз уругун, уруусун гана чечмелебестен, кыргыздын , түрк элдеринин жана жалпы адамзаттын пайда болушунун башаты тууралу ой жорутуп келген. Демек, алар дүйнө тарыхынын, анын ичинде кыргыз тарыхынын оозеки жана жазуу жүзүндөгү санжыра аркылуу чагылдырган мазмунун муундан-муунга алып жүрүшкөн.

Бирок бул «элдик чечмелөө» менен эле «кыргыз» сөзүнүн келип кыгышы тууралу маселени чектеп койо¸ албайбыз.кыргыздар б.з.ч 675-ж пайда болгон

Илимий чечмелөө аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргыз» этнонимин илимий чечмелөөнүн өзгөчөлүгү — кыргыздардын болжолдуу ата-теги сыяктуу уламыштарга таянылбастан, түздөн-түз «кыргыз» терминин ар кыл бөлүктөргө (компоненттерге) «жиликтеп» ажыратып түшүндүрүүсүндө болуп саналат. Бул жоромолдун ынанымдуулугу анын илимий негизи лингвистикалык (тил илимине тиешелүү), ономастикалык (энчилүү аталыштарды изилдөө илимине тиешелүү) өзөгүнүн туура же калпыс иргелишине байланыштуу.

XIX к. бурят илимпозу Доржи Банзаров (1822—1855) «кыргыз» этноними «кырк» санынан жана көпчүлүк санды түшүндүрүүчү «-ыз» куранды мүчөсүнөн турат деген жоромолун жазган (1840). Бирок «кырк» термини өзү эле санды көрсөтүп турса, ага да көпчүлүк санды билдирүүчү куранды мүчө кошулмак беле дешип, анын жоромолуна башкалар макул болбоду.

Ал эми академик Василий Васильевич Радлов (Фридрих Вильгельм Радлофф, 1837—1918) өз эмгегинде «кыргыз» этноними «кырк» санынан жана «йүс» («жүз») санынан жалгашкан деген пикирин билдирет.

Өзбектердин көчмөн урууларынын бири болгон кырк-мен-йүз уруусу эки бутактан — кырк менен йүз уругунан турганын, Алтайдагы түрк урууларынын ичинде да йүс уруусу бар экендигин, казактардын үч ордосу өз алдынча улуу, орто, кичүү жүздөргө бөлүнөөрүн Василий Васильевич Радлов учкай эскерте кетет.

Башкыр чыгыштаануучусу, профессор Ахмед Зеки Велиди Тоган «кыргыз» этнониминин байыркы түрү «кыркыр» же «кыркер» болсо керек деп түкшүмөлдөйт.

Каракалпак этнографы жана адабиятчысы Даулен Айтмуратов болсо дароо эки вариантты сунуш кылат: биринде «кыргыз» сөзүнүн уңгусу «кыра-гыз» — «кара эл»; «кара чачтуу эл» деген эң байыркы түшүнүктөн чыкса керек десе, экинчисинде «гыз» деген акыркы муунду фарсы тилиндеги «гис» — «өрүлгөн чач» дегенди туюнтуусу мүмкүн дейт. Албетте, бул жоромол да жасалмалыгы менен айырмаланат.

Тарыхчы Константин Иванович Петров (1920—1988) «кыргыз» этноними байыркы түрктөрдүн «кыргу —кырыг» (т. а. «кызыл») деген сөзүнө көпчүлүк санды туюнтуучу «-ыз» мүчөсүнүн уланышынан келип чыккан деп (1964) түкшүмөлддөгөн.

К. И. Петров сунуш кылган «-ыз» деген мүчө көптүк сан эмес, жуптук санды (маселен, «эгиз» сөзүндө) туюндурган деп аны түрколог Николай Александрович Баскаков сынга алат. Бирок К. И. Петровдун «кыргы—кырыг» сөзү «казыл» түстү туюндурган деген пикирин Н.А. Баскаков колдоого алат. «Мында түс аркылуу дүйнөнүн төрт тарабынын бири элестүү берилиши мүмкүн эле» деген жоромолдоого жетеленип, Н. А. Баскаков «кыргыз» этнонимин «кырыг»+ «огуз» — кызыл огуздар, т. а. түштүк огуздар (же батыш огуздар) деп түшүндүрүүгө аракет кылат.

Кийинки жоромолдо кызыл түс аркылуу жердин багыты аныкталат (түштүк же батыш багыттагы жер).

Ал эми академик Андрей Николаевич Кононов (1906—1986) болсо «кырыг» (кызыл) түстү жер багыты менен эмес элдин антропологиялык өзгөчөлүгү, кебете-кешпири, жүзү менен байланыштырууга аракет жасаган (1970). Чынында да куу кижи (сары киши) деген алтайлык уруу бар, сары уйгур деген эл бар. Түрк элдеринде этноним түс менен байланыштырылган мисалдар арбын.

Ушундан улам, А.Н. Кононов сары чач, албырган жүз, көзү көк болгон байыркы кыргыздардын сырткы кешпири «кыргын» — «кыргыт» — «кыргыз» түрүндөгү элдик аталышка шарт түзгөн деген пикирди карманат. Анын оюнча «кыргын», «кыргыт», «кыргыз» сөздөрү бир эле маанини — «кызылдар», «албырган жүздүүлөр» дегенди туюнткан. Демек, мында «кыргы» («кызыл» компонентине кошулуп айтылган «-ын» (вариант: «-ыт», «-ыз») мүчөсү тек гана жалпылоочу маанини берген мүчө эле.

XX к. 50—80-жж. окумуштуулардын айрымдары «кыргыз» этнонимин мурдагыдай «кырк» саны менен эмес, түс менен түшүндүрүүгө умтулганы жогорку мисалдардан көрүнүп турат.

Түстү саясий мааниде пайдалануу азыр да бар экени төмөнкү мисалдан айгинеленет: «жашылдар» деп азыркы кезде табигатка астейдил мамиле жасоону, экологиялык тең салмактуулукту сактоону же калыбына келтирүүнү мүдөө кылган адамдардын уюмдары аталат.

Чынында бул адамдар ар кыл расага таандык, кебете-кешрирлери түк дагы жашыл түс менен байланышта эмес.

Демек, илимий түшүндүрүү аракеттерди да «кырк огуз», «кырк эр», «кырк уруу» деген жоромолдордун тобунан жана «кырк» санынын ордуна прототүрк тилинин болжолдуу «кырыг» («кызыл түс») сөзүнө байланыштырылган жоромолдордун тобунан турууда.

Тыянак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул макалада тигил же бул илимий жоромол баарынан өзгөчөлөнүп, баарынан чындыкка жакын турат деген пикирди таңуулабайбыз. Тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин жана Токторбек Өмүрбеков эскерткендей, «Кыргыз» этноними түрк тилдеринин негизинде гана этимологиялык жактан (түпкү, башаттык аталышын табуу өңүтүнөн) чечмелениши акыйкытка төп болоор эле.

Пайдаланылган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.

3. Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргызстан тарыхы: Эзелки замандан VII к. башына чейин. Орто мектептердин 6-классынын окуучулары үчүн. - Бишкек, 2002.