"Манас" дастаны
«Манас» - кыргыз элинин баатырдык эпосу.
Жакып кан уулу Манас баатырдын жана анын укум-тукумунун эл-жердин азаттыгы, биримдиги жана элдердин достук карым-катнашын бекемдөө үчүн күрөшү баяндалган эпикалык дастан. Көлөмү боюнча ага теңдеш дастандар жок. Бул дастан «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнөн турат. Айрым манасчылар аны сегиз урпагына (Кенен, Алымсырак, Кунансырак ж.б.) чейин айтышат. «Манас» дастанында кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты, чарбасы, жоокердик турмушу кеңири чагылдырылган. «Манас» дастанын айрым эпизоддору 16 кылымында жазылган «Мажму ат-таварих» чыгармасында айтылат.
«Манас» алгач жаралганда эле азыркы көлөмүндөгү, сюжеттик түзүлүшүндөгү чыгарма болгон эмес. Улам кийинки муундагы айтуучулар, жомокчулар, манасчылар, толуктап, мазмунун кеңейтип, байытып, сюжети татаалдашып олтуруп, бүгүнкү күндөгү деңгээлге келген.
Манас эпосунун каармандары
Maнac, Aлмaмбeт, Бaкaй, Kaныкeй, Cыpгaк, Чyбaк, Ceмeтeй, Ceйтeк, Kүлчopo – өз элине чексиз берилген, чыдамкай, тапкыч, мекени үчүн жанын берүүгө даяр чыныгы баатырлар. Алар бул сапаттарын эпостун жүрүшү ндө иш жүзүндө көп жолу далилдешет. Эпостогу окуялар жок жерден ойлоп табылбай, чыныгы турмуштан алынып, кыргыз элинин басып өткөн жолун, ар кандай уруулардан куралышын баяндайт. Ага эпостогу төмөндө гү саптар далил: Aк мapaл бaгып yй кылдым; Kypaмa жыйнaп эл кылдым
Эпостун сюжети кыргыз элинин турмушунда маанилүү роль ойногон окуяларды чагылдырат. Эпостогу адамдардын табышмактуу ысымдары, шаарлардын, өлкөлө рдүн, элдердин (уруулардын) аталыштары да бекеринен эмес. Мисалы, ”Чоң казаттагы” Бээжинге болгон жүрүш - бул IX – кылымдагы кыргыздардын уйгурларды жеңгенин эске салат. Эгер оозеки элдик чыгармачылыкка тиешелүү окуяларда жана аталыштарда апыртмалардын болушун табигый нерсе катары кабыл алсак, анда эпостогу кээде кытайлар, кээде калмактар деп аталып, кыргыздардын негизги душмандары болгон Aлooкe, Жoлoй, Эceнxaндар тарыхый булактарда калган чыныгы инсандардын прототиптери болушу мүмкүн. Мисалы: 1. Эceнxан (кaлмакча өз аты Эceн-тaйджи) - чынында эле XV-кылымда жунгар (калмак) кошундарын башкарган; 2. Алооке (калмакча өз аты – Аляку) болсо - XVII кылымда жунгарларды жетектеген; 3. Жолой (өз аты Елюй, бирок көпчүлү к түрк тилдеринде кыргыздын ”дж” тыбыштарына ”е” тыбышы туура келгендигин эске алсак "Елюй" - Жолой боуп окулат) X-кылымдын аягында Түндүк Кытайдан келип, кыргыздарды басып алган монгол уруулары кыдандардын (кара-кытайлардын) жетекчиси болгон.
Эпосто кыргыздар менен достук алакада болуп, душмандарга жана талар-тоноочуларга каршы чогуу чыгып жүргөн көптөгө н уруулар жана элдер да аталат. Алар кыргыздар менен жакшы мамиледе болгон oйpoттор, нoгoйлор, нoйгyттар, кaтaгaндар, кыпчaктар, apгындар, жeдигерлер жана башкалар. Булардын баары кийин кaзaк, өзбек, монгол, тажиктер менен аралашып кетишкен.
Эпосто ар түрдүү фaнтacтикалык пepcoнaждар, мисалы, "тоо жылдырган" – Maдыкaн дөө; жалгыз көздүү Maлгyн; адамча сүйлөгө н канаттуу аттар; сыйкырдуу окуялар, мисалы, Айчүрө ктүн аккууга айланышы, Алмамбеттин аба-ырайын өзгөртү шү; гиперболизмдер (күчөтү п айтуулар), мисалы, сан жеткис аскерлердин 40 күн бою эс албай тынбай жүрүшү , калыңга деп берилген жүз миңдеген малдын, ага кошуп эсеби жок жапайы айбандардын айдалып келиши, бир эле баатырдын душмандын жүз эле эмес миңдеген жоокерлерин жеңип коюшу ж.б. - көп колдонулат. Булардын баары элдин эгемендиги жана боштондугу үчүн жанын аябаган реалдуу адамдардын өлбөс- өчпөс көркөм образдарын түзүү нүн каражаты катары гана кызмат кылат.
Үчилтиктин биринчи бөлүгү ндө Манас аркылуу аскерий демократия жана көчмөн феодалдык коом мезгилиндеги элдик кошундун кол башчысына тиешелүү бардык касиеттерге ээ болгон идеалдуу баатырдын образы берилет. Ушундай образды түзүү дө ар түрдүү композициялык элементтер жана эпитеттер колдонулат. Мисалы: apcтaн, кaблaн (лeoпapд), cыpттaн (гиeнa), көкжaл (карышкыр).
Кээ бир манасчылардын Манаска феодалдык башкаруучунун образын берүү аракеттерине карабастан, эпостун негизги тематикалык жана сюжеттик эпизоддорундо ал - мекендин душмандары менен болгон таймаштарда баатырдыгы үчүн атак-даңкка ээ болгон чыныгы элдик баатыр катары кала берет. Душмандын кошундары менен болгон бардык таймаштар катардагы баатыр-жоокердей салгылашкан Манастын жеке катышуусу менен гана жеңиштү ү аяктайт. Манас бийликке өтө умтулбайт. Ошондуктан ал өзүнү н аскер башчылык бийлигин Бээжинде болгон чоң казатта адегенде акылман Бакайга, андан кийин өзүнү н эң жакын чоросу Алмамбет баатырга өткөрү п берет.
Эпостун калган каармандары Манастын образын күчөтү үгө чоң салым кошот. Манастын айкөлдү гүн далилдөө дө анын легендарлуу 40 чоросунун ролу зор. Алардын эң белгилүү лөрү: Кошой менен Бакай сыяктуу акылман аксакалдар жана Aлмaмбeт, Чyбaк, Cыpгaк сыяктуу жаштар. Алар укмуштай күчтүү лүгү жана таймаштагы баатырдыгы, чыңалган достугу жана чабыш маалында бир-бирине жардамга келүүлө рү менен айрымаланышат. Чоролору үчүн Манас - идеал, атак жана даңк, аскерий ураан. Алардын ар биринин алмаштыргыс сапаттары бар. Мисалы, Maнac – эч кимде жок алп күчтүн ээси жана улуу стратег; Бaкaй – өзгөчө баатыр, Манастын жакын жана акылман кеңешчиси; Aлмaмбeт – ата-теги кытай болгонуна карабастан кыргыз эли үчүн ак дилден чыныгы кызмат кылган, энepгиялуу, табияттын сырын билген адаттан тышкары баатыр; Cыpгaк – күч жагынан Aлмaмбeтке тең, чыдамкай жана эпчил баатыр. Ал эми кыpк чopo - сан жагынан көп болгон ар кандай душманды талкалоого алы жеткен кошун.
Эпостогу терс каармандар да башкы каармандын артыкчылыктарын белгилөө гө жардам берет. Манастын образына анын негизги душманы, күчтүү , айлакер, ич күйдүлү гү бар Коңурбайдын образы каршы турат. Жoлoй - айлакерлиги жок, түгөнгү с күчкө ээ, ачкөз адам. Аны Кошой гана жөө күрөштө жеңе алган.
Эпосто аялдардын да эстен чыккыс образдары бар. Алардын ичинде башкы каармандын аялы, мээрман Каныкей айрымаланып турат. Ал - ак көнүл, чынчыл, мекенин чексиз сүйгөн уулду тарбиялаган эне эле эмес, өз эли үчүн ар кандай жоготууларга даяр, күжүрмө н, эмгекчил, колунан көөрү төгүлгө н уз аял. Мисалы, Каныкей баш болгон аялдар кыргыз жоокерлерине ок өтпөс кийимдерди өз колдору менен тигип беришет. Каныкей өтө катуу жаракат алган Манасты айыктырат жана ал саткын тарабынан жарадар болгон кезде өлүмдө н да сактап калат. Эң негизгиси, Каныкей - Манастын эң жакын кеңешчиси.
Семетейдин образы Манаска караганда анча күчтүү болбогону менен, ата-мекенге болгон сүйүү сү, мекенчилдиги жагынан кем калбайт. Мисалы, өз мекенинен четте жүргөнү нө күйүп- бышып, чет элдик баскынчылар менен күрөшө т жана өз мекенин саткан чыккынчылар менен катуу кармашат. "Ceмeтeйде" Манастын апасы, Семетейдин чоң энеси - Чыйырдынын, акылман Бакайдын образдары андан ары өнүп-ө өрчүп улантылат жана жаңы каарман – мекенчилдиги жана романтикалуулугу менен айрымаланган Айчүрө ктүн – Семетейдин аялынын образы киргизилет. Айчүрө ктүн образына атак-даңкты жакшы көргөн, ар нерседен өз кызыкчылыгын гана издеген Чачыкейдин образы каршы турат. Күлчоронун образы - өз атасы Алмамбеттикине окшоп кетет. Күлчорого бат ачуусу келген, өзүн гана ойлогон чыккынчы жана саткынга айланган Канчоронун образы каршы турат.
Үчилтиктин акыркы бөлүгү "Ceйтeкте" башкы каарман Сейтек – баскынчылардан өз элин коргогон жана адилеттү үлүк үчүн күрөшкө н тайманбас баатыр катары берилсе, Күлчоро белгилүү акылман Бакайды эске салат, б.а. ал – тайманбас жана эр жүрөк баатыр, башкы каармандын акылман кенешчиси болуп калат. Сейтек кыргыз урууларынын биригишине жетишип, эл үчүн тынч, бакубат турмуш өкүм сүрө баштайт. Эпостун аягында үчилтиктин сүйүктү ү каармандары Бaкaй, Kaныкeй, Ceмeтeй, Aйчүpөк жана Kүлчopo эл менен кош айтышып, көздөн кайым болушат. Алар менен кошо Манастын сүйүктү ү Aк шyмкapы, Kyмaйык ити, Семетейдин Taйбyypyл аты да көрүнбө й калышат. Ошондуктан болсо керек, эл арасында көздөн кайым болгон каармандар эмигече жашап, жер кыдырып жүрүшө т, кээ бир адамдарга көрүнү п - Манас менен Семетейдин эрдиктерин эске салышат деген сөз бар.
[оңдоо] “Манас” жыйноо
Эл арасында таланттуу манасчылардын айтып бергени боюнча кыргыздын улуу эпосун кагазга же кино тасмага түшүрүү. Бул иш казак аалымы, агартуучу, тарыхчы, этнограф, фольклорист, орус гоеграфиялык коомунун мүчөсү Чокон Валиханов (1835-65) тарабынан башталган, ал 1876-жылы кыргыз жерине келип “Манасты” угат жана “Көкөтөйдүн ашы” бөлүмүн жазып алат, аны кимден жазып алганын көрсөтпөйт. Ошону кара сөз түрүндө 1904-хылы Орус географиялык коому жарыялаган. Кийинки түрк элдерин изилденген окумуштуу академик В.В.Радлов (1837-1918 ) кыргыз жерине эки жолу (1868, 1869) келип, “Манастын” айрым үзүндүлөрүн жыйнаган да, ал материалдарды 1885-жылы чыккан “Түндүк түрк урууларынын эл адабияттарынын үлгүлөрү “ деген эмгегинин 5-томуна киргизген. Октябрь төңкөрүшүнөн соң, бул ишке Ыбырайым Абдрахманов (1885-1967) активдүү киришкен. Ал 1922-жылдан тартып Сагымбайдын, Саякбайдын, Тоголок Молдонун, Акматтын айтуусундагы варианттарды жыйнаган, Мифтаков Каюм (1892-1949) болсо, кыргыз фольклору боюнча 700 тексттер басма табакка жакын материал топтогон, анын ичинде “Манас” боюнча да көп болгон. Булардан соң эпос коллективдүү түрдө атайын уюмдашкан топтор (Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунун, “Манас бөлүмүнүн окумуштуулары, мугалимдер, студенттер, окуучулар, журналисттер ) тарабынан системалуу жана пландуу түрдө жазылып алына баштады. Азыркы учурда эпостун толугу жана үзүндүсү болуп, жетимишке жакын варианты жыйналган.
[оңдоо] Пайдаланылган адабияттар
Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.
Ж..Шериев, А.Муратов. “Адабият. Терминдердин тушүндүрмө сөздүгү”