"Манас" эпосунун географиялык таралышы.

Википедия дан

"Манас" эпосунун географиялык таралышы. "Манас" эпосунун өзгөчөлүктөрүнүн бири анын кыргыз элинде гана оозеки айтылып, нечен кылымдар бою ыйык мурас катары сакталып келгендиги болуп эсептелет. Кыргыз элинин башынан өткөн тарыхый тагдыры менен ажырагыс байланышта жашап, тагдырлаш болуп келген улуу рухий маданий эстелик. "Манас" эпосу 14—-15-кылым эле жалпы кыргыздарда кеңири таралып, эл арасында өтө таасирдүү болгондуктан 16-кылымдын башында жазылган "Мажму ат-таварихтен" анын айрым сюжеттери (согуштук окуялары) орун алган.

Азыркы учурда Кыргыз Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталуу турган эпостун материалдарын изилдеп көргөндө ал жалпы кыргызга таандык, эл ичинде өтө кеңири таралган чыгарма болгондугун айгинелейт. Жазылып алынган эпостун материалдары бардык жерлерден бирдей деңгээлде жыйналып алынган эмес. Ошондой болсо да атайын жыйноочулар тарабынан жазылган эпостун варианттарынан башка да көп жылдар бою жүргүзүлүп келген фольклордук-диалектологиялык экспедициялардын ар кандай жерлерден жыйнаган материалдарындагы маалыматтар — "Манас" кыргыздар жашаган бардык жерлерде айтылып келгендигин кабарлайт. "Манас" эпосу кыргыздардын арасында оозеки жашап, элдин ар кандай тарыхый тагдырына дуушарланып, ар башка географиялык райондордо, ар кандай тарыхый окуялар өткөн, ар башка турмуштук тажрыйбаларга ээ болгон чөйрөлөрдө оозеки аткарылып келгендиктен, ар башка деңгээлде сакталып, көп варианттуу чыгарма катары бизге жетти. Бирок, кайсы жерде, кандай чөйрөдө айтылып келсе да жалпы кыргыз урууларын бириктирүүчү, тышкы душмандарга биримдикте каршы туруучу борбордук фигура катары Манас баатырды эпикалык идеалдаштыруу тенденциясы — чыгарманын магистралдык идеясы болуп сакталып отурган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4