"Манас" эпосунун өзөктүк окуялары

Википедия дан

Манас - кыргыз элинин эң улуу баатыры. "Манас" эпосунун башкы каарманы.
Манас баатыр Жакып хандын баласы. Эпос боюнча кыргыздын ногой уруусунан чыккан.
Ата-бабалары хан болгон. Манас кыргыздар Алтайга айдалып келгенде туулат.
Жалпысынан "Манас" эпосу төмөнкү негизги өзөктүк окуялардан турат:

  • Манастын төрөлүшү жана балалык чагы
  • Манастын алгачкы эрдиктери: Нескара, Жолойду жеңгени.
  • Манастын хан көтөрүлүшү
  • Манас баштаган кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүшү.
  • Кичи казат - бул өз Ата-Конушун

кытай, калмактардан бошотуп алуу үчүн жүргүзгөн согуштары.

  • Манастын Каныкейге үйлөнүшү. Мурунку алган аялдары Карабөрк жана Акылай сулуу, бирок ой-сезимдери күнүлөшүүдөн аша албаган жандар катары сүрөттөлөт.
  • Манастын кыз Сайкал менен болгон мамилеси.
  • Алмамбеттин жомогу
  • Көкөтөйдүн ашы
  • Чоң казат. Манастын кол курап Кытайга согуш ачып барышы. Кытайды жеңип, Чет Бээжинге кан болуп калат.
(Шыпшайдардын)келиши менен кыргыздын баатырлары шейит болушат. Кол кайтып келет. Манас алган жаратынан улам каза болот.