"Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фонду

Википедия дан

“Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду 2000-жылы 20-июлда Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен каттоодон өткөн.
2004-жылдын 22-29-февралында фонддун мүдүрү Улан Усупов БУУнун чакыруусу менен Таиланддын борбору Банкгок шаарында өткөн “Дүйнө жаштарынын тынчтык саммитине” барып катышып келген.
2005-жылдын 10-ноябрында 2003-2004-жылдары жаштар саясатынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгына татыктуу болуп, алтын диплом, алтын медаль жана атайы статуетка менен сыйланды.
2006- жылы 10-16-майында Шанхай кызматташтык уюмунун 5 жылдык маарекесине карата онго жакын өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда Кытайдын Пекин, Шанхай шаарларында аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн жаш лидерлеринин жолугушуусуна фонддун ошол кездеги мүдүрү Абдилазиз Жолдошев катышып келген.
2006-2007- жылдар арасында “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун филиалдары өлкөбүздүн бардык облустарында ачылды. 2007-жылдын 15-майында “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте “Кыргызстандагы билим берүү системасы кечээ, бүгүн жана эртең” деген аталышта илимий симпозиум өткөрдү.
2007-жыж ноябрь айында Россия Федерациясынын Жаштар саясаты боюнча улуттук кеңеши уюштурган “Чыгыш Европадагы жана Орто Азиядагы жаштар” аттуу семинарга Жаштар саясаты департаментинин атынан барып катышып келген.
2008-жылдын 31- майында “Шоокум” илим, турмуш жана маданият журналы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана фонд “Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин стратегиялык мааниси жана окуу куралдарынын сапаты” аттуу экинчи илимий симпозиум өткөрдү.
2009- жылдын 13- майында “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду жылда өткөрүлчү илимий симпозиумдун үчүнчүсүн өткөздү. Ага 110 доклад кабыл алынып, 43 доклад комиссия тарабынан туура деп симпозиумга чакыруу алышты.
2010- жылдын 12-15-апрелинде Белоруссия мамлекетинин Минск шаарында “Эл аралык волонтёрлор форумуна” фонддун башкы координатору Эсенканов Эрлан катышып келген.
2010- жылдын 18-июнда айрым демилгелүү уюмдар менен биргеликте 1млн. 800 миң сомдук тамак- аш азыктарын Ош шаарына жардам катары жөнөтүлгөн. 2011- жылдын Нооруз майрамында этникалык улуттар арасындагы ынтымакты чыңдоо максатында Ош жана Жалал-Абад шаарларында майрамдык программалар уюштурулган.


2011- жыл 20-апрель. Бишкек шаары. "Инновациялык билим берүү: абалы жана келечеги" аталышындагы симпозиум өткөрүлдү.

2012- жыл 15-май. Ош шаары. "Билим берүүнүн рухий-ыймандык дөөлөттөрү: абалы жана келечеги" аттуу симпозиум болуп өттү.

2013-2015 окуу жылдары "Интеллектуал Мырза" жана "Акылман айым" билим жарышын республикалык деңгээлде уюштурулду.

2015-2019 окуу жылдары "Жаш билерман" жана "Акыл карачач" интеллектуалдык билим жарышын 8-9-10-11-класстардын арасында өткөрүлүп келет.

Фонд түзүлгөндөн азыркы учурга чейин Кыргызстандын булуң-бурчундагы активдүү, жакшы окуган студенттерге стипендиясын берип келет.


Фонддун максаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Жаштардын патриоттук сезимдерин чыңдоо, аларды заманбап жана прогрессивдүү илим- билимге тынымсыз умтулууга үндөө жана эл-жерине татыктуу жаран катары кызмат кылууга чакыруу;
2. Жаштар арасында демократиялык маданиятты калыптандыруу;
3. Жаштар арасында элибиздин руханий дөөлөттөрүн жана адеп- ахлактуулуктун асыл принциптерин жайылтуу;
4. Таланттуу жаштардын чыгармачылыгын колдоо;
5. Жаштар арасында кыргыз тилин өнүктүрүү;
6. Жаштарды сергек жашоого үндөө

Фонддун алдындагы максаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Котормочулук бюросун ачуу (илимий макалаларды жана китептерди бөтөн тилдерден кыргыз тилине которуу);
2. Билим берүү тармагында жаңы долбоорлорду иштеп чыгып, аларды жүзөгө ашыруу;
3. Массалык маалымат каражаттарында жаштарга арналган программаларды уюштуруу;
4. Улуттук каада- салт жана оюндарды калыптандыруу;
5. Жаштар арасындагы жумушсуздукту жоюу долбоорлорун иштеп чыгуу;

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Коомдун веб сайты
(жеткиликсиз шилтеме)