Экономикалык биримдиктин демократиялык партиясы

Википедия дан

"Экономикалык биримдиктин демократиялык партиясы" - Кыргыз Республикасындагы саясий партиялардын бири. Мамлекеттик официалдуу каттооодон 1994-ж. 10-декабрда өткөн.

Негизги максаттары жана милдеттери: эркин жана социалдык адилетүү коомго карай кыймыл, мамлекеттин принциптерине жана жалпы социалдык баалуулуктардын артыкчылыгына негизделген демократиялык коомду куруу ж. б. Экономикалык биримдиктин демократиялык партиясы жаңы түзүлгөндүктөн 1994-ж. 22-сентябрда болуп өткөн баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү кеңештерге депутуттарды шайлоодо да, 1995-ж. 5-февралда болуп өткөн Жогорку Кеңештин депутуттарын шайлоого да жигердүү катыша алган жок. Бул партиянын өкүлдөрү саясий партиялардын жолугушууларына, мамлекеттик бийлик органдары менен иш алып барууга жана саясий ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнө катышып турушат. Экономикалык биримдиктин демократиялык партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Таштанбеков А. Д.

Колдонулган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9