"Эркин Кыргызстан" демократиялык партиясы

Википедия дан

"Эркин Кыргызстан" (ЭрК) демократиялык партиясы. Уюштуруу съезди 1991-ж. 10-февралда болуп, мамлекеттик официалдуу каттооодон 1991-ж. 4-октябрда өткөн. Уюштуруу съездинде бардык областтардан 104 делегат катышып, партиянын жетекчилигине Ө. Текебаев шайланган. Советтер Союзу жашап турган мезгилдеги, Компартияга альтернатива болгон алгачкы официалдуу партия – бул «ЭрК». 1991-ж. 21-июнда ЭрКтин кезектеги конференциясында партиянын Уставы менен Программасы талкууланып, негизги максаты катары көз карандысыз демократиялык мамлекетти куруу, эмгек адамдарын социалдык коргоо, ишкерчилик жана бизнес, граждандык коомду түзүү эсептелген. «ЭрК» партиясы 1991-ж. 17-августта парламент маселеси жөнүндө референдум өткөрүү тууралуу Жогорку Кеңештин Президиумуна кайрылган. Кайрылуунун мазмуну республикада туруктуу иштей турган, профессионалдуу, күчтүү парламент түзүү. Партиянын эксперттик тобу мажоритардык-пропорционалдык системада шайлоолор жөнүндө Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгышкан.

ЭрКтин II съезди 1991-ж. 7-ноябрда болуп өткөн. Анда партиянын Уставы менен Программасы кабыл алынган. Ө. Текебаев – партиянын төрагасы, Т. Тургуналиев – партиянын аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ушул мезгилден баштап партиянын жетекчи органынын ичинде лидерлик үчүн каршылашуу, жабык күрөш башталган. Пикир келишпөөчүлүктөр өзгөчө партиянын стратегиялык багытын аныктоодо көч алган. 1990-ж. июнда Бишкектеги митингдерде (Ош окуяларына байланыштуу) өтө популярдуулукка жетишкен Т. Тургуналиев кийинки мезгилдерде бийликти, жергиликтүүдөн жогоркуга чейин катуу сындап, радикалдык талаптарды коюу менен бирге коомдун өнүгүү процессиндеги позитивдүү учурларды колдой алган эмес, ушул жагынан бийлик структурасы менен биргелешкен иштөө методдорун четке каккан. Ал эми эл депутат Ө. Текебаев бул маселеде либералдык-центристтик көз карашта болгон. Бул тирешүүлөр акыры жүрүп партиянын – радикалдык жана либералдык болуп экиге бөлүнүшүнө алып келди. 1992-ж. 2-ноябрда «ЭрК» Партиясынын III съезди болуп, либералдык-демократтык көз караштагы Ө. Текебаев, К. Кененбаева, У. Орозалиев ж. б. бир топ делегаттар съездден чыгып кетишип, ошол эле күнү өздөрүнчө съезд өткөрүшүп, «Ата-Мекен» партиясын түзүшкөн. III съезддин калган делегаттары 27 адамдардан турган Саясий кеңешти, анын төрагалыгына Т. Тургуналиевди шайлашты. «ЭрК» партиясы экономиканы жана саясатты радикалдуу кайра куруу багытын көздөп, колхоз менен совхоздорду тез арада таркатууну, парламенттин өзүн-өзү таркатуусун, Президентти кайра шайлоо талаптарын койду. «ЭрК» газетасы чыгарылып, кыска мезгилден кийин, пикир келипшестиктерден улам чыкпай калган. «ЭрК» партиясында кыргыз жазмасын латын арибине өткөрүү жөнүндө (1991-ж. күзүндө) жана кыргыз жумуриятынын Конституциясы жөнүндө (1991-ж. июнда) долбоорлор иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган. «ЭрК» партиясынын составында бир катар өз алдынча коомдук уюмдардын болушу («Дыйкан ордо», «Кут», «Ата-Журт», «Ак-Өргөө» ж. б.) анын өзгөчө белгилериниин бири. Партиянын кийинки мезгилдердеги ишмердиги реформанын жүрүшү жөнүндөгү, адатта 3–8 пунктардан турган, кескин талаптарды койгон, газета беттеринде билдирүү, кайрылуулар, тегерек столдорду өткөрүү менен чектелген. 1995-ж. 5-февралдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо «ЭрК» партиясы 80 талапкерди көрсөтүп, анын ичинен төртөө эл депутаты болуп калышты: Досбол Нур уулу, Турсунбай Бакир уулу, С. Жээнбеков, О. Субаналиев. Бүгүнкү күндө «ЭрК» партиясынын саясий Кенешинин төрагасы – Турсунбай Бакир уулу.

Колдонулган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы.Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9