«Кыргыз Караван» гезити

Википедия дан

"Кыргыз Караван"- драматург, режиссер, журналист жана публицист Жаныш Кулмамбетов негиздеген гезит.

"Кыргыз Караван" гезитинин биринчи саны 1997-жылы 8-августта жарык көргөн.
Гезит негизинен маданият, искусство чөйрөсүн, өнөрпоздордун чыгармачылыгын, жашоосун чагылдырган.
Гезиттин башкы редактору Ж.Кулмамбетов.
2010-жылдан тартып "Кыргыз Караван" гезити "Кербен" деген ат менен чыгып жатат.
"Кербендин" ээси - Гүлбайра Турумова.
"Кыргыз Караван" гезитинен Жыпар Исабаева, Асанбек Кулманбетов, Назгүл Калмамбетова жана башка көптөгөн азыркы журналисттердин чыгармачылык тушоолору кесилген.