«Манас»

Википедия дан

«Манас» — курама вариант (Курама варианты) боюнча «Манас» үчилтигинин 1-китеби (Фр., 1958). Китеп эки колонка менен терилген, көлөмү 24252 сап ырдан турат. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Эпостун бул бөлүгүн түзүүчү — К. Маликов, китепти жалпы редакциялаган жана кириш сөзүн жазган Б. Юнусалиев.

Эпостун бул бөлүгү белгилүү манасчы Сагымбай менен Саякбайдын айткандарынан тышкары Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кол жазмалар фондусунда сакталып турган Шапак Рысменде уулунун, Тоголок Молдо, Модобасан Мусулманкул уулунун, Акмат Ырысменде уулунун, Багыш Сазан уулунун, Тыныбек Жапый уулунун, Ыбырайым Абдыракман уулунун жана башкалар варианттарынын айрым эпизоддору жана үзүндүлөрү кыскартылып бириктирилип алынган.

< Китептен жомок башы, Манастын балалык чагы, Алооке кандын кыргыздарды чабышы, кыргыздардын Ала-Тоодон сүрүлүшү, Жаш Манастын дөөлөр менен кармашы, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого келиши, Манастын Алооке менен Шоорукту жеңиши, Аккуланы сатып алышы, Алмамбеттин баатырдык аңгемеси, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көзкамандардын кырк чородон жеңилиши деген «Манас» эпосунун сюжеттик сызыгын түзгөн салттык туруктуу темалар орун алган.

«Манас» — курама вариант (Курама варианты) боюнча «Манас» үчилтигинин 2-китеби (Фр., 1958). Китеп эки колонка менен терилип, көлөмү 28908 сап ырдан турат. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Эпостун 1-бөлүгүнүн 2-китебин К. Маликов түзгөн, жалпы редакциялаган Б. Юнусалиев. Китепте Сагымбай Орозбаковдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты нын эпизоддору негиз кылып алынып башка варианттар менен толукталып, Көкөтөйдүн ашы, Чоң казат, Кичи казат, ошондой эле Манастын дүйнөдөн кайтышы кирген.

«Манас» — Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 1-китеби (Үрүмчү, 1984). Басмага даярдаган Асанбай Матили, жооптуу редактору Норух Үсөналы. Анда жалпы эле «Манас» эпосунун мааниси жана дүйнөлүк оозеки адабияттан алган орду көрсөтүлүп, «кыргыздардын саясий, экономика, заң-закүн, философия, тарых, география, дин, турмуштук салт-санаалар, табигый жагдай жана адам мүнөздөрү сыяктууларды бир-бирлеп өз ичине сиңирген.

Ал канчалаган узун тарыхты басып өтүп, Түндүк Моңгол аймактарына, Орто Азиянын жер-жерлерине чейин баскан изин көрсөтө алат. Атап айтканда бул чыгарма кыргыз турмушунун энциклопедиясы болуп саналат. Бул улуу чыгарма жалгыз гана кыргыз элинин кымбаттуу байлыгы болуп калбастан Жаңгуа улутунун баа жеткис байлыгы, ошондой эле дүйнө элинин кымбаттуу байлыгы болуп каралат», — деп тарыхый-философиялык жана эстетика-тарбиялык маанисине кириш сөздө токтолгон. Ошондой эле «Манас» эпосунун мазмуну, көркөмдүгү, улуттук өзгөчөлүгү, эпос пайда болгон доор, эпостун таралышы жана манасчылар жөнүндө кеңири баяндама берилип талдоо жүргүзгөн.

Китепке Кыргыздардын таралышы, Алоокенин кыргыздарды чабышы, Кардыгачтын туулушу, Жакыптын Магдымды алышы, Манастын төрөлүшү, Манастын Турпанда эгин эгиши, Жакыптын кандык алышы, Аккулага ээ болушу, Манастын куттуу үйүнө кайтышы, Манастын Балта дөөгө барышы, Акбалтанын Манаска айткан насааты, Манас менен Дөөдүр алптын кагылышы, Манастын Кошойго конок болушу, Манастын Бөдөнөнү кооптон куткарышы, Кырк душмандын кырылышы, Манастын каруу-жарактарынын жасалышы, Аколпокту алып келүү, Кырк чоронун куралышы, Жаш Манастын Көңтөйдү сайышы, Манастын элге акыл-насаат айтышы, Жеңиштен кийинки той, Жайлоо, Манастын качкан калмакты кубалап Шоорукка барганы, Шооруктун Манастан жеңилиши, Манастын Накылайды алышы сыяктуу «Манас» эпосунун сюжеттик сызыгын түзгөн негизги туруктуу окуялар орун алган.

«Манас» — Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн эпостун 2-китеби (Үрүмчү, 1984). Китепке Бадыкөлдүн Карманапка кол салышы, Манастын Карманапка болушуусу, Араниктеги төрт баатырдын Көкчөгө чабуулу, Манастын аларды кайта сүрүшү, Манастын Коконго аттанышы, Сынчыбектин багынышы, Банус кандын өлүшү, Карылыптын качышы, Сынчыбектин Ташкенде такка миниши, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашына элдин чакырылышы, Коңурбайдын аштагы зордугу, Кошойдун Манаска киши жибериши, Манастын келип ашты башкарышы, Аштын шаан-шөкөттөрү, Жолойдун Аккуланын байгесин ала качышы, Көкчөкөздүн Манасты атышы, Көкчөкөздүн шумдуктары, Айжаң-жуңдун жеңилиши, Кутунайдын такка миниши, Үрбү баштаган алты кандын Манаска кат жибериши, Манастын Калдайдын шорун катырышы сыяктуу окуялар киргизилген.

«Манас» — Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн эпостун 3-китеби (Үрүмчү, 1986). Китепте Алмамбеттин Көкчөдөн кетиши, Манастын түшү, Алмамбеттин келиши, Манастын Алмамбетти алып келиши, Каныкейдин алынды болушу, Алмамбеттин Аруукеге үйлөнүшү, Манастын Ооганга жортуулу, Чынаачынын жеңилиши, Алмамбеттин Көкчөкөздү өлтүрүшү, Айчүрөккө бел куда болушу, Манастын жети канды чакырышы, Кандардын келиши, Бакайдын кан болушу, Манастын Бээжинге аттанышы, Алмамбеттин кан болушу, Коңурбайдын сыйкырдуу кароолчулары, Алмамбет менен Чубактын чатагы сыяктуу окуялар камтылган.

«Манас» — Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн эпостун 4-китеби (Үрүмчү, 1989). Төртүнчү китепти төмөнкү окуялар түзөт: Чалгындагы ийгиликтер, Алмамбеттин Сыргакка жер таанытуусу, Ажаттын боюндагы жайма топ салгылашуулар, Манас менен Коңурбайдын Ажаттын боюнда беттешүүсү, Коңурбайдын Бейжинге кире качышы, Эки жактын согушка камданышы, Ороңгу менен Борончунун өлүмү, катардагы баатырлардын алгачкы беттешүүсү, Коңурбайдын баш-аламан урушта Жолой баштаган жети баатырынан айрылышы, Чубактын кырк Жаң-жуңдун баласын байлап келиши, Кыргыздын такка миниши, Күлүстөн менен Каңкелдинин туулушу, Коңурбайдын Манасты чабышы, Коңурбайдын Шыпшайдарды алдырып келиши, Көкчөнүн өлүшү, Баатырлардын өлүмү, Манастын дүйнөдөн өтүшү деген эпизод менен үчилтиктин биринчи бөлүмү «Манас» эпосу аяктайт. Төрт китепке киргизилген окуялардын мазмунуна караганда Жусуп Мамайдын вариантынын өз алдынчалыгы жана айырмачылыгы өзгөчөлөнүп турат.

«Манас» — «Манас» эпосу боюнча кара сөз түрүндө жазылган А. Жакыпбековдун романэпосу (Ф., 1992). Чыгарма манасчылар Сагымбай, Саякбай жана Жусуп Мамайдын варианттарынын негизинде жазылган. Анда эпостун окуяларынын өзөктүк нугу сакталып, анын мотивдери, эпизоддору автордук вариациялар менен берилген. Роман-эпостун 1-китебинин үзүндүлөрү К. Жусупов менен авторлош болуп республикалык газета-журналдарга жарыяланган.

«Манас» — «Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү баяндамасы (Фр., 1986). Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттарынын негизинде жазылган. Түзүүчү — С. Мусаев. Жооптуу редактору — Э. Абдылдаев. 284 беттен турат. Китепте Манастын төрөлүшү, балалык чагы, алгачкы каршылашкан душмандарын жеңип, өз эли-жерине ээ болушу, үйлөнүшү, чоң казат, баатырдын өлүмү сыяктуу эпостогу туруктуу салттык окуялар толугу менен камтылган. «Манас» үчилтигинин 1-бөлүмү менен окурмандарды тааныштыруу, эпостун көптөгөн варианттары жөнүндө жалпы түшүнүк берүү максатында кара сөз түрүнө келтирилген. Эпостун окуяларынын өнүгүш нугу, ар биринин салттуу орду өз үлгүсүндө так сакталган.

«Манас» (киргизийн ардын туульсаас) — «Манас» эпосунун моңгол тилине которулуп чыккан китеби (Улан-Баатыр, 1988). Аны В. Энэбиш которгон. Китепке эпостун төмөнкү окуялары кирген: баатырдын төрөлүшү, Көкөтөйдүн керээзи, Көкөтөйдүн ашына Манас баатырдын келиши, жамбы атуу, Манас менен Коңурбайдын эр сайышы, Кошой менен Жолойдун күрөшү, Каныкейдин каты, Коңурбайдын элдешүүнү бузушу, баатырлардын өлүмү, Манастын кайтып келиши, Манастын керээзи, Манастын өлүмү. Китептин аягына кээ бир сөздөргө түшүндүрмө берилген. Бул китептен моңгол окурмандары кыргыз элинин турмушунун көркөм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосу жөнүндө толук маалымат алышат.

«Манас» — «Манас» эпосунун орус тилине которулган китеби (М., 1960). Баш сөзү С. Липкин менен С. Дароняндыкы. Редактору Т. Колякина. Сүрөттөрүн Г. Фишер тарткан, которгондор С. Липкин менен Л. Пеньковский. С. Липкин баатырдын төрөлүшү, Каныкейдин каты, Коңурбайдын элдешүүнү бузушу, Баатырлардын өлүмү, Манастын кайтышы, Манастын керээзи, Манастын өлүмү, ал эми Л. Пеньковский Көкөтөйдүн ашын которгон. «МАНАС» —«Манас» эпосунун орус тилине которулган «Чоң казат» бөлүмү (М., 1941). Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча С. Липкин менен М. Тарловский которгон. Баш сөзүн жазгандар жана редакциялап басмага даярдагандар: Е. Мозольков, Ө. Жакишев. Сүрөттөрүн тартып кооздогондор: Г. Петров, И. Костылев. Китеп СССР элдерин «Манас» эпосу менен тааныштырууда белгилүү роль ойногон.

«Манас» — «Манас» эпосунун өзбекчеге Курама варианты боюнча которулган 1-китеби (Ташкен, 1964). Өзбекчеге Миртемир которгон. Китепке Манастын балалык чагы, кыргыздардын Ала-Тоого келиши, Алооке менен Шоорукту жеңиши, Аккулага ээ болушу, Алмамбет баатырдын аңгемеси, Баатырдын жары бөлүмдөрү кирген. Бул китепте эпостун айрым окуялары кыскартылып жана кээ бир эпизоддорунун мазмуну кара сөз түрүндө берилген. Китеп өзбек окурмандарын «Манас» эпосу менен тааныштыруу үчүн кызмат кылат.

«Манас» — «Манас» эпосунун өзбекчеге Курама варианты боюнча которулган 2-китеби (Ташкен, 1987). Которгон Султан Акбари. Китептин башталышын Миртемир, акыркы бапты Т. Адашбаев которгон. Китеп Ч. Айтматовдун «Бийик чоку» деген баш сөзү менен ачылат. Негизинен китеп 2 бөлүктөн турат: биринчиси «Көкөтөйдүн ашы», экинчиси «Чоң казат». Китептин аягына кээ бир сөздөрдүн түшүндүрмөсү жана чыгышы жөнүндөгү маалыматы берилген.

«Манас» — «Манас» эпосунун тажик тилинде которулуп жарык көргөн китеби (Дүйшөмбү, 1982). Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча тажик жазуучусу жана котормочу Атхам Аслам которгон. Китепке эпостун элдик салт болуп калган: Көкөтөйдүн ашы менен Чоң казат окуялары кирген.

«Манас» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 1-китеби (Фр., 1978). Китеп бир колонка менен терилип, көлөмү 11308 сап ырдан турат. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген ат менен академик Чынгыз Айтматов баш сөз жазган. Басмага даярдап, сөздүгүн түзгөн, ошондой эле «Сагымбай манасчы жана анын варианты жөнүндө» деген көлөмдүү макаланы С. Мусаев жазган. Китепти көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Герцен.

Өз доорунун мыкты жомокчуларын жакшы билген жана алардын варианттарындагы мурдатан салт катары аткарылып келген артык үлгүлөрүн чыгармачылык менен өркүндөтө алган Сагымбай Орозбак уулунун бул варианты ырынын кооздугу, түзгөн элестеринин тереңдиги, эл турмушун таамай сүрөттөй алганы менен белгилүү. Түзүүчү жомокчунун өзү кандай айтып жаздырса так ошол калыбында кийлигишүүсүз, башкача айтканда тексттеги сөздөр, ыр саптар оңдоого, орун алмаштырууга, бир сөздүн ордуна башка сөз пайдаланууга жол берилбей, эч өзгөрүүсүз, так берүүгө далалаттанат. Элибиздин байыркы ата мурасынын эң туу чокусу «Манас» эпосунун Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы «Манастын» биринчи китебине Манас баатырдын тегинен кабар берген кара сөз түрүндөгү кыскача маалыматтан тартып жаш баатырды кан шайлоого чейинки окуялар кирген. Анын ичинде Жакып Чыйырды, Бакдөөлөт үчөөнүн көргөн кереметтүү түшү, Манастын туулушу жана ага той бергени, Жакып өзүнүн койчусу Ошпурга Манасты койчулукка бергени, Манастын Эсенкан жиберген тыңчыларын жайлаганы, Нескара менен Манастын урушу, Манас жолдоштору менен салбырынга барганы, Манастын кан шайланышы сыяктуу окуялар камтылган.

«Манас» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 2-китеби (Фр., 1980). Китеп бир колонка менен терилип, көлөмү 18964 сап ырдан турат. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Басмага даярдап, сөздүгүн түзгөндөр: К. Кырбашев, Ж. Мусаева, Р. Сарыпбеков, Ошондой Сооронов. Редколлегиянын «Кириш сөз ордуна» деген чакан макаласы бар. Китепти көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Т. Герцен. Китепте топтоштурулган окуялар манасчы тарабынан кандай айтылса ошол үлгүсүндө толук бойдон берилбестен кыскартылып жана кээ бир чоң-чоң эпизоддор кара сөз түрүндө кыскача берилген.

Бул китепке Манасты кармап келебиз деген он бир балбандын кордук көргөнү, Жакыптын Алтайдан Анжыянга көчүшү, Манастын Текес канды жеңгени, Тейиш кандын тою, Манастын кыз Сайкал менен беттешкени, Орго кан, Акунбешимдин жеңилиши, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүшү, Алооке кандын багынып, Анжыяндан качышы, Алмамбеттин Көкчөдөн кетип, Манаска кошулушу, Манастын Каныкейге үйлөнүшү сыяктуу окуялар кирген.

«Манас» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 3-китеби (Фр., 1981). Китеп бир колонка менен берилип, көлөмү 12760 сап ырдан турат. Эпостун бул бөлүгүн даярдап, сөздүгүн жана тиркемелерди түзгөн С. Мусаев, китепти көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Т. Герцен.

Китеп эпостун белгилүү чоң эпизоддорунун бири «Көкөтөйдүн ашы» менен башталат. Көкөтөйдүн керээзи, Бокмурундун элге кабар жибергени, Көкөтөйдү койгону, Бокмурун Көкөтөйгө аш берүү үчүн элди чогултуп кеңеш кылганы, Айдарга эл чакыртканы, Коңурбайдын Бокмурундан Мааникерди өкүм менен сураганы, Кошой менен Жолойдун күрөшү, Манас менен Коңурбайдын сайышы, чапкан аттардын келиши, кытай-калмактардын байгеге зордук кылып чатак чыгарышы сыяктуу окуялар кирген. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү жана 1-, 2-, 3-китептеги кезиккен адам аттары, этнонимдер, топонимдердин, ат ысым көрсөткүчүнүн тиркемеси берилген.

«Манас» — Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 4-китеби. Китеп бир колонка менен терилип, көлөмү 15268 сап ырдан турат. Эпостун бул бөлүгүн басмага даярдап жана тиркемелерди түзгөн Э. Абдылдаев, китепти көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Т. Герцен. Китепке эпостун белгилүү эпизоддору Жети кандын кеңеши, элчилердин Манаска барышы, Манастын кандарды күткөнү, колдун Бээжинге аттанышы, Каныкейдин сарамжалы, Алмамбетти кан көтөргөнү, аскерлердин жолго аттанышы, Алмамбеттин Сыргакты чалгынга барууга тандашы, Алмамбет баатырдын чалгынга жөнөөрдүн алдында кытайдын көптүгүн Манаска айтканы, Макел-Малгундун Алмамбеттен жеңилиши, Алмамбет менен Сыргактын Бээжинге чалгын чалышы, Алмамбет баатырдын эл-жерин, атасынын сарайын көрүп арман кылганы, Карагулга жолукканы, Карткүрөңдү жылкыга кошуп, жылкы тийгени, Коңурбай жылкылардын артынан келип уруш салганы, Кыргыздардын колуна Сыргактын кабар бергени сыяктуу окуялар киргизилген. Китептин аягына адам аттарынын, этноним, топонимдердин, ат (ысым) көрсөткүч тиркемеси берилген.

«Манас» — Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 1-китеби (Фр., 1984). Китеп эки колонка менен терилип, көлөмү 52680 сап ырдан турат. Эпостун бул бөлүгүн басмага даярдап, сөздүгүн жана тиркемелерин түзгөндөр: Р. Кыдырбаева менен А. Жайнакова, «Чоң манасчы Саякбай жана ал айткан вариант» деген кириш сөзүн С. Мусаев жазган. Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Аны көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Курманов.

Бул китепке эпостун башталышынан тартып «Көкөтөйдүн ашына» чейинки окуялар топтолгон: Манастын бабаларынын баяны, Манастын туулушу, балалык чагы, анын алгачкы эрдиктери, Манасты кармоого он миң кол менен келген Жолой менен Дөңгөнү жеңгени, Манастын Кошойду издеп барып жолукканы, кытай менен экинчи урушу, Кытайдан Жарманас менен Билерикти бошотуп келаткан Кошойдун Манаска кошулушу, кыргыздардын Таласка келиши, Манастын Аккулагы ээ болушу, Манастын Бакай, Ажыбайга жолугушу, Алоокени жеңип, Манастын кан көтөрүлүшү, Шоорук канды жеңип, кызы Акылайды тартууга алганы, Чубактын төрөлүшү жана анын Манаска келип кошулушу, Манас баатырдын Каныкейге үйлөнүшү. Бирок, аталган окуяларды бүт бойдон басмадан чыгаруу мүмкүн эместиги эске алынып, сөзмө-сөз кайталоого жата турган (эпикалык кайталоолор буга жатпайт) ыр саптары кыскартылган. Ошондой эле китеп чыккан кездеги айрым идеялык мүнөздөгү талаптарга туура келбеген жерлер китепке кирген Эмес.

«Манас» — Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» үчилтигинин 2-китеби (Фр., 1986). Китеп эки колонка менен терилип, көлөмү 30000 сап ырдан турат. Эпостун бул бөлүгүн басмага даярдап, сөздүгүн түзгөндөр: С. Мусаев жана М. Мукасоветтик Китептин аягына айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Аны көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Курманов.

Бул китепте Көкөтөйдүн ашы, жети кандын чатагы, колдун чоң казатка аттанышы, Алмамбет менен Сыргактын чалгынга жөнөшү, Чубактын чатагы, Алмамбеттин жомогу, чалгын чалуу, кытай жеңилип, Эсенкан Манаска Чет-Бээжиндин кандыгын бергени, Манастын жарадар болгону, Кожожаштын келиши менен кыргыздардын жеңилиши, баатырлардын өлүшү, Таластан Тайбуурулдун келиши жана Манастын акыркы урушу, колдун кайтышы берилген. Китеп Манастын өлүмү, Каныкейдин Манаска күмбөз салдырганы, акылмандык менен Манастын сөөгүн жашырын койгону менен бүтөт.

Саякбай алгач Көкөтөйдүн ашын «Семетейде» жаздырган. 1968-ж. эпосту кайталап жаздырганда ушул тартипте айткандыктан түзүүчүлөр аштын окуяларын «Семетейге эмес», «Манаска» киргизишкен.

«Манас» — «СССР элдеринин эпостору» сериясынан кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн «Манастын» 1-китеби (М., 1984). Тексти Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча даярдалган. Китепке Манас баатырдын төрөлүшү, балалык чагы, өспүрүм кезиндеги алгачкы эрдиктеринен баштап кыргыз урууларынын башчылыгына — кан шайлаганга чейинки окуялар камтылган. Орусчага СССР Илимдер акдемиясынын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий кызматкерлери А. С. Мирбадалева, Н. В. Кидайш-Покровская которуп, Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын «Манас» секторунун ал кездеги башчысы С. Мусаев, сектордун илимий кызматкерлери менен бирдикте басмага даярдаган. Орусча котормосу улуттук өзгөчөлүгү менен берилип, сөздүк жана айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү менен коштолот.

«Манас» — «СССР элдеринин эпостору» сериясынан кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн «Манастын» 2-китеби (М., 1988). Китепте Манастын турмушу жана эрдиктери, бытырап кеткен кыргыз урууларын бириктириши, ата журтун душмандардан коргогон күрөштөрү, Алмамбет баатыр менен эмчектеш тууган болушу, Атемирдин кызы Каныкейге үйлөнүшү баяндалат.

Китеп белгилүү манасчы Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча түзүлүп, анын кыргызча тексти менен катар орусча котормосу да берилген. Орусчага СССР Илимдер акдемиясынын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий кызматкерлери А. С. Мирбадалева менен Н. В. Кидайш-Покровская которгон. Басмага Б. М. Юнусалиев, С. Мусаев, К. Кырбашев, Ж. Мусаева, Р. Сарыпбеков, Соороновдор даярдаган.

«Манас» — «СССР элдеринин эпостору» сериясынан кыргыз, орус тилдеринде чыккан «Манас» эпосунун 3-китеби (М., 1990). Китептин тексти негизинен Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча даярдалган. Китепте кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты кеңири чагылдырылган. «Көкөтөйдүн ашы» эпизоду камтылган. Китеп кыргызча тексти жана орусча котормосунан турат. Аягында комментарийлер менен айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Орусчага СССР Илимдер акдемиясынын А. М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун илимий кызматкерлери А. С. Мирбадалева, Н. В. Кидайш-Покровская которгон. Басмага Б. М. Юнусалиев, С. Мусаев, Э. Абдылдаев, Р. Кыдырбаева, К. Кырбашев, А. Жайнакова, Р. Сарыпбеков, С. Бегалиев жана башкалар даярдаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4