«ЭлFМ» элдик радиосу

Википедия дан

«ЭлFМ» элдик радиосунун тарыхы «Оштон сүйлөйбүз» деген алгачкы үн 1968-жылдын 20-январында жаңыргандан эсептелет. “ЭлFМдин” тарыхы Ош радиосунун тарыхы менен жазылуу. Анткени ошол Ош радиосунун мураскери. Ош радиосунун “ЭлFМдин” түзүлгөнүнө 2017-жылы 50 жыл болот. 2005-жылы «ЭлТР» коомдук телерадио компаниясы мурдагы Ош телерадио компаниясы, кийинки “Ош 3000” МТРКсынын базасында түзүлгөн. Демек, «ЭлТР» КТРКсы жана «ЭлFМ» радиосу санжыралуу Ош телерадиосунун көчүн улантып келе жатат. Ош радиосу 50 жыл мурда суткасына 20 минутадан кийинчирээк 1 саат республикалык радионун каналы аркылуу эфирге чыгып турушкан. Белгилүү акын Жолон Мамытов Ош радиосунун биринчи улук редактору жана биринчи диктору болгон. Ош телерадиосунун пайдубалын тургузган жетекчи-уюштуруучу Карыпбай Керимбаев, чыгармачылык чыйыр салгандар, Өмүрбек Эрмекбаев, Раат Кыргызбаева, Курбанаалы Сабыров, Мырзаш Ашырбеков, Дүйшөн Жапаров, Бедел Молдобаев, Мамыр Иминжанов,Турсунбай Адашбаев, Абдужалил Сулайманов, Мейманбек Касымов өңдүү шыктуу калемгерлер калк кадырлоосуна ээ болушкан. Күн сайын 1 сааттан оболоп турган Ош радиосунун уктурууларына республикадан тышкары жашаган кыргыздардан да көп кат-кабарлар келип, колдоп-кубаттоо көбөйгөн.
Түштүк жергесинин көп кырдуу турмушун республикабыздын чар тарабына тез, так, көркөм баяндап турган радиожурналисттердин изденүүчүлүгү, чыгармачыл табылгалары өзгөчө сөзгө татыйт. Көпчүлү акын-жазуучулар Ош радиосунда жетилип, баралына келишкен. Аларга Таш Мияшев, Сатыбалды Кадыров, Токтогул Кенжеев, Маркабай Ааматов, Абдимитал Камалов, Улукбек Мамытов, Турабай Жороев, Нооман Каримов, Нууман Сайдуллаев кирет.
Ош радиосунун фонотекасында, же жазылган кампасында элдик оозеки чыгармачылыктан тартып, сейрек таланттардын ырлары жазылып сакталып калган. Мисалга «Курманбек», «Манас» эпосунан үзүндүлөр, Болуш Мадазимовдун күүлөрү, Р.Абдыкадыров, Ж.Шамшиев, Ж.Алыбаев, Т.Эшпаев, К.Темиров, Ж.Мамажанов, И.Жунусов алгачкы ырларын Ош радиосуна жаздырышкан. Ушу тапта радионун алтын казынасында 400 саат ар кандай баалуу жазуулар сакталып турат.
«ЭлFМ» радиосу Ош шаарында жайгашып, кыргыз тилдүү радио kатары өлкөнүн маалымат коопсуздугун камсыз кылуу багытында иштеп келет. Анткени бул радиону жалпы Фергана өрөөнү угат. Учурдагы радио - бул чексиз мүмкүнчүлүктөргө ээ маалымат каражаты. 2010-жылдын 15-мартынан тартып күн сайын 17 сааттан ашык уктурууларын республикабыздын аймагына жана спутник аркылуу 53 өлкөгө таркатып турат. Бишкек, Чүйгө 89.6, Ош, Жалал Абадга 107.7, Кызыл Кыя, Ноокат, Кадамжайга 102.9 жыштыктары боюнча уктуруулар таркатылат. Күндөлүк турмушубуздун күрөө тамырындай жаңылыктары ар эки саат сайын жаңыланып, бир күндө 8 жолу кабарлар обого чыгып турат. Мындан сырткары «Аптадагы аалам окуялары», «Жети күн» маалымат –аналитикалык программалары бар. Көбүнчө интерактивдүү программаларга басым жасап, түз эфирде Түркия, Грекия, Россияда жашаган жердештерибиз менен маектешкенге мүмкүнчүлүгү бар. Алыста жашаган боордошторубуздун сагынычын «ЭлFМ» радиосу таркатканга салым кошот.
Күн сайын таң заарда эки саат «Ойгон шоу» программасы менен башталып, угармандарды кызыктуу оюн-зооктор, рубрикалар менен бүйрүн кызытат. Ал эми «Кечки учак» шоу программасы күн сайын кечки саат алтыдан жетиге чейин радио угуучуларды саякат жасатат. Рухий көркөм дөөлөттөрдү камтыган «Акылмандыктын сырлары», «Мурас», «Түнкү line», «Жүрөк сыясы», балдар үчүн «Бал тил» сыяктуу отуздай программалар бар.