Автохтондор

Википедия дан
АВТОХТОНДОР‎»‎ барагынан багытталды)

Автохтондор (авто… жана гр. chthon – жер) - эволюция процессинде башка жактан келбей ушул эле чөйрөдө жаралып, азыркы мезгилде да ушул эле жерде жашаган организмдер түрү - аборигендер. Мисалы, Сары-Челектеги Семенов ак карагайы, Фергана кырка тоосундагы жаңгак, жапайы алма, алыча ж. б. Алар ушул жерлердин фаунасы менен флорасынын байыркы ядросун түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1