Ажыке

Википедия дан
АЖЫКЕ КЕНИ‎»‎ барагынан багытталды)

Ажыке - Түштүк Кыргызстандагы жайлоо, табигый кооз жер. Тар суусунун алабында. Чыгышынан Чаканташ тоосу, түштүк-батышынан жана батышынан Ак-Башат, Чалкан тоо кырлары менен чектешет. Каракулжа кыштагынан 40-45 км түштүк-чыгыш тарапта. Аянты 30 км2дей, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800-2300 м, эң бийик жери 2600 м (Чакан-Таш тоосунда). Ажыкенин түштүк жана чыгыш капталы тик келип, түндүк-батышка жантайыңкы. Бор мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринен турат. Батыш жана түндүк-батыш капталы палеоген-неоген мезгилдеринин конгломерат, кумдуу чопо жана гипс тектери менен капталган. Өрөөндөн Ажыке суусу агып өтөт. Климаты континенттик, жылдык орточо температурасы 3,2°С, январдыкы - 15,1°С, июлдуку -15,4°С. Жылдык жаан-чачыны 345 мм. Батыш жана түндүк капталында карагай, арча токою, чыгыш жана түштүк беттеринде майда бадал, сейрек арча өсөт. Ажыкеге талаа, токой, субальп жана альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Табиятына карагай, арча, четин, шилби, табылгы, дарак-бадалдар; бетеге, шыбак жана башка өсүмдүктөр кооздук берип турат. Жайлоого Каракулжа районунун малы жайылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1