Маркабай Ааматов

Википедия дан
Ааматов, Маркабай‎»‎ барагынан багытталды)

ААМАТОВ Маркабай – акын, котормочу, публицист, Кара-Кулжа районундагы Бөксө кыштагында 1953-жылы 13-декабрда туулган.

Кыргыз Республикасынын эл акыны (2018), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2004).

1972 – 1975-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин аяктап, 1976-жылдан мектепте мугалим, облустук гезитте, облустук, республикалык телерадио комитетинде кабарчы, редактор болуп кызмат өтөйт.

1981 – 1987-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда кызматкер, 1987 – 1996-жылдары анын директору болуп иштейт.
1996-жылы кезексиз чакырылган Кыргызстан Жазуучулар союзунун XII съездинде вице-президент, 2004-жылы кыргыз жазуучуларынын XIII съездинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланат.

2007 – 2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Расмий басылмаларды чыгаруу жана которуу башкармалыгынын төрагасы, 2009 – 2010-жылдары Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун директору, 2010 – 2011-жылдары Уюштуруу иштерин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, 2011 – 2012-жылдары кайрадан Расмий басылмаларды даярдоо бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2012 – 2018-жылдары Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директорунун орун басары, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрында музейдин башчысы болуп иштесе, 2021-жылдын февраль айынан тарта кыргыз жазуучуларынын «Ала-Тоо» журналынын башкы редактору болуп иштеп келе жатат.

М. Ааматов жаш акындардын Тува АССРинде өткөн Бүткүл союздук XI фестивалынын (1980), Москва шаарында өткөн жаш жазуучулардын Бүткүл союздук VIII семинар-кеңешмесинин (1982) катышуучусу.
Акындын алгачкы чыгармасы 1972-жылы облустук «Ленин жолу» гезитинде жарыяланып, ошондон тарта республикалык, боордош, чет мамлекеттердин тилдеринде үзгүлтүксүз жарыяланып келет. 40ка жакын поэтикалык, публицистикалык жана котормо китептеринин автору.

1989-жылы «Таң тосуу» ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган.

М. Ааматов 1980-жылдан СССР Журналисттер Союзуна, 1987-жылдан СССР Жазуучулар союзуна, 2018-жылдан Евразиянын чыгармачыл инсандарынын Лондон Гильдиясына мүчө.

1996 – 2007-жылдары Эл аралык Жазуучулар союздарынын (мурдагы СССР жазуучулар Союзу) башкармалыгынын, «Дом Ростовых» адабий журналынын редколлегиясынын мүчөсү болгон, 2006-жылдан Азербайжан Жазуучулар кошунунун ардактуу мүчөсү.

М. Ааматовго 2004-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун мыктысы» (2004), «Кыргызпатенттин мыктысы» ардак наамдары берилсе, 2018-жылдын 31-декабрында «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардак наамы ыйгарылган.

М.Ааматов 2008-жылы Россия Федерациясынын Ломоносов ордени менен сыйланып, Коопсуздук, коргонуу жана укук коргоо Академиясынын анык мүчөсү – академиги болуп шайланган.

М. Ааматовго 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Чыгармачылыкта жетишкен ийгиликтери үчүн» сыйлыгы ыйгарылган.

2018-жылдын 6-ноябрында ага Махмуд Кашкари атындагы Эл аралык адабий сыйлык ыйгарылды (Азербайжан).

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Селкинчек: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 52 бет

Таң тосуу: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 76 бет

Дидар: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1990. – 82 бет

Ариет: Ырлар. – Б.: Эркинтоо, 1994. – 182 бет

Аруузат: Ырлар. Б.: Бийиктик, 2011. - 330 бет

Сайип Көкөев: Публицистикалык очерк. – Б., 1991. – 32 бет

Майлыбаш Эрмекбаев: Публицистикалык очерк. – Б., 1992. – 32 бет

Баки Ешмамбетов: Публицистикалык очерк. – Б., 1995. – 96 бет

Өмөш Абдылдаев: Публицистикалык очерк. – Б., 2003. – 78 бет

Байсалдуу өмүр: Публицистикалык очерк. – Б., 2007. – 220 бет

Кыраандар бийик учушат: публицистикалык очерк. - Б.,2011. - 236 бет

Аккан арыктан суу агат: Публицистикалык очерк.-Б.,2014. - 220 бет

Арман кайрык: Публицистикалык очерк. - Б. 2016. 136 бет

Өмүр өрнөгү: Публицистикалык баян. Б.: «Улуу тоолор», 360 бет

Дүнүйө - Жалган: Ырлар. - Б.:«Улуу-Тоолор», 2018. 336 бет

Адашкан махабат: Ырлар. - Б.:«Айат», 2018. 110 бет

Кантөрө Токтомаматов: Өмүр өрнөгү: Публицистикалык баян, - Б., 344 бет

Кимсанбай ажы Абдыразак уулу: Каада - мурас. Публицистикалык баян, Б., 360 бет

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стихи. в кн.: Молодые поэты Средней Азии. – М.: Молодая гвардия, 1982.

Стихи. в кн.: Гимн любви. – М.: Советский писатель, 1982.

Славный путь Панфиловской дивизии. Фотодокументальное научно-популярное издание. Б.,2015. - 348 стр.

Тува тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стихи. в кн.: Хей-аът. – Кызыл, 1981.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шестинский О. Башат: Ырлар. (коллектив). – Ф., 1987.

Бульба Т. Кобзарь: Ырлар. (коллектив). – Ф., 1990.

Үмүтүм менин Ата-журт. Уйгур жазуучуларынын чыгармалары. – Б., 1996. – 32 бет

Гаппаров А. Көңүл сандыгымдагы ойлор: Аңгемелер. – Б., 1996. – 32 бет

Айсаев К. Жүрөктөн тамган тамчылар: Ырлар. – Б., 1996. – 32 бет

Камбарова Н. Арашан: Повесть. – Б., 1997. – 96 бет

Турдиева X. Ырлар. – Б., 1997. 32 бет

Гаппаров А. Күкүктөр сайраган маалда: Аңгемелер. – Б., 1997. 32 бет

Убайдуллаев X. Достук канатында: Ырлар. – Б., 2002. – 96 бет

Мираламов Г. Арман: Повесть. – Б., 2006. – 220 бет

Досанов С. Аруана: Повесть. – Б., 2006. – 102 бет

Крюкова Т. Костя + Ника: Повесть. – Б., 2007. – 160 бет

Досанов С. Карышкыр улуган түн. – Б., 2014. – 180 бет

Есдаулетов У. Биз дагы ашык болгонбуз. (коллектив) – Б., 2014. – 226 бет

Панфилов дивизиясынын даңазалуу жолу. Фотодокументалдуу илимий популярдуу басылма. – Б. 2015. – 400 бет

Бегманов К. Гүл көктөм. Ырлар. – Б., 2017. – 340 бет

Досанов С. Адамзаттын энеси. Пьеса., 60 бет

Досанов С. Карышкыр улуган түндө. Пьеса., 30 бет

Ахмедов Б. Дербиш. Повесть., 2020. – 220 бет

Досанов С. Ак каймал. Повесть. «Ала-Тоо» журналы, 2021. – 110 бет

Акматов К. Эрика Клаустун он үч кадамы. Роман., «Ала-Тоо» журналы, 2022. –200 бет

Иран Гайып. Коркуттун гөрү. Пьеса. «Ала-Тоо» журналы. 2022. –36 бет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]