Мелис Абакиров

Википедия дан
Абакиров, Мелис‎»‎ барагынан багытталды)

Абакиров, Мелис - жазуучу, котормочу. Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965–1970-жж. Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары, 1970–1971-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы, 1971–1979-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орунбасары, 1979–1985-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985–1988-жж. «Мектеп» басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан «Адабият» басмасынын башкы редактору, 1992–1998-жж. ушул басманын директору, 1998–2005-жж. «Акыл» акционердик коомунун төрагасынын орунбасары – «Кыргызстан» басма үйүнүн башкы редактору, 2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген, өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер.

Алгачкы аңгемелери студенттик жылдарда жарыяланган. 1978-жылы «Жаштык рапсодиясы» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Л.Н.Толстойдун, Х.Хименестин, О.Шестинскийдин, Арпад Генцтин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1983-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1976-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. СССР «Басмасынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» – ардактуу наамын алган

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаштык рапсодиясы: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1978.– 43 б.

Чоң энемдин жомогу: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1980. – 56 б.

Алмалуу бак: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1982.

Алчалуу төр: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. – 315 б.

Көкөй кести: Роман, повесттер, аңгемелер. – Б.: Кыргызстан, 2000. – 360 б.

О, опаасыз, опаасыз дүйнө: Повесттер, аңгемелер, эскерүүлөр. – Б.: Полиграфбумресурсы ЖЧКсы, 2005. – 172 б.

Барымта: Роман. – Б.: Бийиктик, 2008. – 280 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сказки моей бабушки. – Ф.: Мектеп, 1984. – 44 с.

Расподия молодости: Повесть, рассказы. – Ф.: Адабият, 1998. – 304 с.

Герои эпоса «Манас». – Б.: Кыргызстан, 1995. – 28 с.

Верблюд и мышь: Сказание о старом летоисчислении. – Б.: Кыргызстан, 1996. – 13 с.

Азарт: Повесть. – М.: Стилистика, 1998. – 180 с.

Детство в годы изгнания: Повесть. – Б.: Бийиктик, 2007. – 80 б.

Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Энемиң эртекилери. – Ашхабад. Магарыф. 1985. – 32 б.– түркм.

Катагонда утган болалик: Повесть. Ташкент. Жахон адабияты. 2007. – 64 б.– өзб.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толстой Л.Н. Кумурска менен көгүчкөн: Тамсилдер. – Ф.: Мектеп, 1983. – 36 б.

Хименес Х.Р. Платеро жана мен. – Ф.: Мектеп, 1985. – 121 б.

Шестинский О.Н. Блокада новеллалары: Аңгемелер.– Ф.: Кыргызстан, 1986. – 376 б.

Арпад Генц. Майдан: Новеллалар, эсселер, пьеса. – Б.: 1997. – 104 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]