Абалак, курал

Википедия дан

Абалак – ордого салынган чүкөлөрдү, канды атууга, чертүүгө колдонулчу курал. Абалакка чейин ордодо томпой колдонулган. Абалак тоо теке, кулжа мүйүздөрүнөн жасалган. Болжол менен узундугу укум (10–12 см), калыңдыгы жоон элиден астам (2,5–3 см), туурасы төрт эли (8–9 см) болгон 4 бурчтуу курал. Атканда, черткенде колдон жылмышпас үчүн Абалактын кырларынын четтерине каршы-терши, жик-жик сай салып, быдырлап койгон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003 “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети” “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов” Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]