Абаны тазалоо

Википедия дан

Абаны тазалоо — имараттагы абаны вирустардан, микроорганизмден арылтуу.
Ал өнөр жайда, ооруканаларда: операция жасоочу бөлмөдө,
төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде жатуучу палатада, ымыркай балдар жаткан бөлмөдө, реанимацияда, күйүк бөлмөлөрүндө, жугуштуу оорулуулардын палатасында,
микробиологиялык лабораторияларда, дарыканада жүргүзүлөт.
Абаны тазалоодо физикалык, химиялык жолдор колдонулат. Физикалык методдо бактерициддик лампалар пайдаланылат, ал эми химиялык каражаттарга газ абалындагы заттар: этилен кычкыл препараттары, формальдегид жана башкалар кирет.
Мында жумушту токтотуп, адамдарды имараттан тышка чыгаруу керек. Аны жүргүзгөн адам дем алуу органын, көзүн, терини сактоочу кийим кийүүлөрү зарыл.
Аэрозоль түрүндөгү химиялык заттар да кеңири колдонулууда. Абаны тазалоону натыйжалуу жүргүзүү үчүн эң жөнөкөй гигиеналык чараларды сактоо (имараттын ичин чаңдан арылтып, нымдуу чүпүрөк менен сүрүп, желдетүү) чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.;
    Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]