Аба баштыктары

Википедия дан

Аба баштыктары - аба жолдору, ооз көңдөйү, кызыл өңгөч менен байланган аба өткөргүч көңдөйлөр. А. б. газ алмашуу жүрбөйт. Жерде-сууда жашоочулардын А. б. үн баштыктары, сойлоктордун өпкө баштыктары кирет. Канаттуулардын А. б. организмдин темп-расын жөнгө салуусуна, өпкөлөрдү тазалоого, сүзүп жана чөмүлгөндө дененин тыгыздыгын өзгөртүүгө катышат. А. б. өсүндүлөрү сөөктөргө (жиликтерге) да кирип жеңилдетет. Канаттуулардын бир жупсуз, 4 жупту А. б. бар. А. б. - бул экинчилик колкочолордун былжыр челинин жука, үлпүлдөк, чоюлчаак өсүндүлөрү. Канаттуулардын А. б. көлөмү өпкөлөрдүн көлөмүнөн болжолу менен 10 эсе чоң болот. Сүт эмүүчүлөрдө А. б-на коко баштыктары, евстахи түтүгүнүн баштык өсүндүлөрү, кекиртектен (тюлендердин эркектеринде) же кызыл өңгөчтөн (моржтордун эркектеринде) кеткен өсүндүлөрү кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]