Аба согушу

Википедия дан

Аба согушу – эл аралык укукта согушуп жаткан тараптардын каалагандай учуучу аппараттардын жардамы менен аба мейкиндигинде согуш аракеттерин жүргүзүүлөрү. Согушуп жаткан өлкөлөрдүн аскердик авиациясынын курамына кирген, айырмалап таануучу белгилери бар, баардык аба кемелеринин экипаждары аба согушунун катышуучулары болуп эсептелишет. Аларга согушуп жаткан мамлекеттердин юрисдикциясынын чектеринде аскердик кылып кайра жабдылган жарандык авиациянын экипаждары да кирет. Согушуп жаткан өлкөлөрдүн эвакуациялоочу жана дарылоочу санитардык учактарынын, госпиталдык аба кемелеринин жана улуттук Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун аба кемелери аба согушунун катышуучуларына жатпайт. Аба согушуна ар кандай аскердик аракеттер театрындагы согуштук аракеттерге колдонулуучу жалпы эрежелерди белгилеген согуштук мыйзамдар жана салттар таралат.[1]

Башында аба учактарынын аба согушундагы орду абадан чалгын жүргүзүү, аскердик байланыш жана артиллерияны мээлегенге жардам берүү болгон. Аба согушунун идеясы Биринчи Дүйнөлүк Согушка чейин эле пайда болгонуна карабастан, сунушталган ыкмалардын ишке жарамдуулугу төмөн болгон. Ошондуктан Биринчи Дүйнөлүк Согушка аба учактары куралсыз катышып башташкан. Аба согушунда колдонулган эң байыркы курал катары Кытайдын кагаз ажыдаарлары саналат.

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7