Аба (кайрылуу)

Википедия дан

Аба - кыргызда кичүүлөрдүн жашы улуу эркектерди ызаттап аташы же чакырышы. Кыргызстандын кээ бир аймактарында "аба" сөзү менен жаш чагынан кичүүлөр аталаш туугандарын же жатындаш агаларын айтышат. Кыргыздардын түз урпактары болгон хакастарда "аба" - ата (сагайларда), "абаа" - качин-хакас, кызыл-хакастарда "улуу ага", "атанын жана чоң атанын иниси", "күйөөсүнүн агасы" маанисинде, эвфемизм түрүндө тотемдик жаныбар болгон аюуга карата да айтылат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]