Аббас, Ходжа Ахмад

Википедия дан

Ходжа Ахмад Аббас - Индиялык көрүнүктүү жазуучу, коомдук ишмер, драматург жана сценарист. Ал 1914-жылы 6-июнда Панипата шаарында туулган. Анын чыгармачылыгы университетте окуп жүргөндө эле башталат да, жазган макалалары менен куплеттери фашизмге жана кылымдардан бери өкүм сүрүп келаткан феодалдык калдыктарга каршы багытталган. 1935-жылы Аббас Алигарх университетин бүтүрүп, адегенде «Бомбей Кроникл» газетасында, "Блитц" газетасында кабарчы болуп иштеген. 1937-жылы «Бир кыз» деген ацгемелер жыйнагы жарыкка чыккан. Кийинчерээк «Куруч», "Анранын гүлдөрү», «Өз уулум-душманым», «Адамдын жартысы», «Анын аягындагы гүл» жана башка эмгектери жарык көргөн. 1938-жылы ал бүткүл дүйнөнү кыдырып чыгат да, жол очерки катарындагы «Индиядан тышкары китебин жазып, бүткүл Индияга белгилүү болгон. Жазуучу инди жана англис тилинде жазган. Инди турмушунан алынган, 1945-жылы "Келечекте андык», 1954-жылы «Революция», «Индиянын уулу» деген романдары бар. «Жердин балдары», «Селсаяк», «Мунна», «Мырза 420», «Ганга», «Төрт жол», «Афанасий Никитин» деген фильмдердин сценарийлеринин автору катары элге кеңири белгилүү болсо, «Ананас жана атом бомбасы», «Кызыл гүл жана Буудай», «Өлбес-өспөс», «Зубейда» аттуу пьесалары өз Мекенинде зор ийгиликке жетишкен. 1951-жылы октябрь айында Х.А. Аббас «Ыктыярдуулардын миссиясы» менен Кытай жергесине барып келгенден кийин, «Чанг эне», «Жалгыз болсо да кайтып келген жок» деген китептери жарыкка чыккан. 1954-жылы Москвада өткөрүлгөн эл аралык кинофильмдердин фестивалына Индиянын кино- ишмерлеринин делегациясын жетектеп келген. 1958-жылы советтик режиссер В. М. Пронин менен бирге «Үч деңиздин ары жагына саякат» деген фильмдин сценарийин жазат. Жазуучу жазган 20 дан ашык китептеринин ичинен эң мыктылары Индиядагы 6 тилге жана көп сандаган чет тилдерине которулган. «Жылдызга барып жетмейинче» деген Юрий Гагарин жөнүндөгү китеби-индиялык окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынган. Анын чыгармаларын Абдылдаев Д. Кекиликов, С. Юсуповдор кыргыз тилине которушуп, окурмандарга тартуулашкан. Ал Ходжа Ахмад Аббас 1987-жылы дүйнөдөн кайткан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абасс Ходжа Ахмад. Келечек бизге таандьж /Котор.: Д. Абдылдаев - Ф., 1958. -142 б; Абасс Ходжа Ахмад // Советтик Энциклопедиялык сөздүк. - Ф., - 1984. Т. 1. - Б. 11.