Аббас ибни Абдулмутталиб

Википедия дан

Аббас бин Абдулмутталиб (566 - 32/653) - Мухаммед пайгамбардын тууганы, б.а. агасы. Абулфазл деп да аташкан. Абдулмутталибдин көп балдарынын бири.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аббас Мухаммед пайгамбардан эки жашка улуу болгон. Мухаммед пайгамбар кичинесинде апасынан да ажырап, жетим калганда, өзүнүн чоң атасы, Аббастын атасы болгон Абдулмутталибдин колунда калган. Ошондо Аббас Мухаммед менен бир үйдө өсүп чоңоет.

Аббас жаш кезинен тарта соода менен алектенгендиктен бай адам болуп чоңойгон. Ал өзүнүн бир туугандары менен бирге, Кааабада да кызмат кылып, ажылык убактарында Зам-Зам кудугунан суу таратып берип иштеген. Бул ишин ал исламды кабыл алгандан кийин да уланткан. Мухаммед пайгамбар өзүнүн акыркы ажылык мезгилинде кудукка жакындап, Аббастан суу сураганы маалым. Мухаммеддин пайгамбарлы башталган кезде Аббас исламды кабыл алган эмес, бирок каршы да чыккан эмес. Кээ бир иштерде пайгамбарга жардам кылар эле. Аббастын аялы Умм аль-Фазл алгачкы мусулман аялдардын бири болгон. Бирок, Аббас Бадрдагы салгылашууда бутпарастар тарапка кошуулууга аргасыз болуп, мусулмандарга туткунга түшүп калат.

Туткундан бошотулгандан соң гана Аббас исламды кабыл алат жана Меккеге кайтат. Бирок ал бир канча убакка өзүнүн ишенимин жашырып жүргөн. Бул жерден ал шаарда калган мусулмандарга жардамдашып, шаардын абалы тууралуу Мадинага, пайгамбарга кабарлап турган. Акырында ал дагы, Меккенин алынышына аз калганда Мадинага көчүп кетет. Мусулмандар тарабынан Меккенин алыныншында Аббас пайгамбардын жанында болуп, андан кийин Хунайн согушуна да катышкан.

Мухаммед пайгамбардын өлүмүнөн кийин Аббас мусулман мамлекетинин бекемделишине катышып, алгачкы үч адилет халифаларга активдүү жардамдашкан. Бай адам болушу менен Аббас мусулман аскерлеринин жабдыктары үчүн көптөгөн суммадагы акча сарптаган. Ошону менен бирге ал Византияга каршы жүрүштөрдү каржылаган.

Аббас Усман халифанын башкаруу мезгилинде каза болгон. Анын урпактары жүз жылдар өткөндөн кийин халифалык бийликке келишип, Омаяддардын ордуна Аббастардын династиясын негиздешет.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А. Али-заде. Исламский энциклопедический словарь. Ансар 2007. ISBN 5-98443-025-8