Абдалиева, Гүлзада Кошоевна

Википедия дан

Гүлзада Кошоевна Абдалиева (Гульзада Абдалиева; Gulzada Abdalieva; 22.04.1969; Казыбек айылы, Ат-Башы району, Нарын облусу, Кыргызстан) - кыргыздын заманбап этнограф жана педагог айымдарынан. Тарых илимдеринин кандидаты (2008).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлзада Кошоевна Абдалиева 1969-жылы 22-апрелде Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Казыбек айылында туулган.

1991-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган.

2008-жылы кандидаттык диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

Учурда (1998-жылдан тартып) И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгектенип келет.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абдалиева Г. К. Формирование и развитие этнокультуры кыргызов, проживающих в КНР [Текст] / Г. К. Абдалиева // История и археология: материалы III междунар. науч. конф. (г. Санкт-Петербург, декабрь 2015 г.). — СПб.: Свое издательство, 2015.
  • Абдырахманов Т.А., Абдалиева Г. Эркиндик, теӊдик, эгемендүүлүк күрөштөрү жана «Үркүндөр» / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. –– Б., 2016.
  • Ысак кызы, Токтобүбү, Жуматурду уулу, Адыл. Залкар Манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий редактору Гүлзада Абдалиева. – Б.: “Принт Экспресс”, 2014. – 328 б. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ]. - ISBN 978-9967-12-401-1.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]