Абдрахман Акбагышев

Википедия дан

Абдрахман Акбагышев- Нарын районунун Кыз-Мазар (азыркы Эмгекчил) айылынын кулуну. Ал өз заманынын белгилүү инсаны Чыңгыш-ажынын уулу Алсейиттин тун уулу. Бирок Алсейиттин улуу агасы Акбагыш бала көрбөгөндүктөн Абдрахманды агасынын атына катталып калган. Бул-улууну урматтоо, сыйлоонун белгиси эле. Абдрахман Нарын шаарындагы Чкалов орус мектебин бүтүргөн. Учурунда орус тилин жана грамматикасын жакшы өздөштүрө билген зээндүү жигит. 1942-жылы эмгек жолун Нарын районунун сот аткаруучусу болуп баштап, нотариус, юрист-консультант, областтык юстиция башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн. Төрт жылдан ашык аскердик милдет өтөп келет. 1951-1953-жылдары областтык аткаруу комитетинин төрагасынын жардамчысы, жооптуу катчысы болуп иштейт. 1953-1973-жылдары Нарын областтык, шаардык соода тармагында Нарын Универмагдын директорлук кызматына чейин эмгектенген. Ушул жылдардын ичинде Фрунзедеги юридикалык мектепти, кийин Айыл-чарба техникумун сырттан окуп бүтүрөт. 1973-1977-жылдары Тянь-Шань райондук пландоо комиссиясынын төрагасы, андансоң Нарын атайын ПМКсында инженер диспетчер болуп, 1982-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Ал "Эмгектеги күжүрмөндүгү үчүн", "Эмгектин ардагери", "Улуу Ата Мекендик согуштун жецишинин 30, 40, 50 жылдыгы" медалдары, "Согуштун ардагери" Ардак белгиси менен сыйланган. Ал саякатты абдан сүйгөн адам эле. Бир аз бош убактысы болсо союздук өлкөлөргө саякатка чыгып, ошол эле учурда Ата Мекенинин табиятына суктанып, жери, эли менен сыймыктанган. Абдрахман мансаптууга жалпактабаган, жөнөкөй, ак-көңүл, туугандарына, жолдошторуна, тааныгандарына барктуу, нарктуу, боорукер адам болгон. Алган жары Абдылда кызы Зина экөө элүү жыл бирге өмүр сүрүп, беш уул, эки кызды татыктуу тарбиялашты.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.