Абдрашев, Акунжан Баказович

Википедия дан
Акунжан Баказович Абдрашев

Саясат таануучу, тарыхчы Акунжан Баказович Абдрашев.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Абдрашев, Акунжан Баказович
Туулган жылы: 1955-жыл 27-тогуздун айы
Туулган жери: Жалал-Абат облусу
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Иштеген кызматы: Жалал-Абат Мамлекеттик Университетинин ректору (22.09.2011 тартып)
Ишмердүүлүгү: саясат таануучу, педагог, тарыхчы, мамлекеттик кызматкер
Альма-матер: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, 1978-жыл
Илимий тармагы: саясат таануу, тарых
Мурда аткарган кызматтары:
  • КР Билим берүү министрлигинин статс-катчысы (2006-2011)
  • Жалал-Абат облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы (2001-2005)
  • Жалал-Абат шаарынын акиминин орун басары (2000-2001)
Наамы. Сыйлыктары: Кыргызстандын мамлекеттик кызматынын мыктысы; Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы; Жалал-Абат шаарынын ардактуу атуулу (2007); ж.б.

Акунжан Баказович Абдрашев (18.10.1955; Кыргызстандын Жалал-Абат облусунда туулган) – кыргыздын заманбап саясат таануучусу, саясат таануу илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргызстандын Жалал-Абат Мамлекеттик Университетинин ректору.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акунжан Баказович Абдрашев 1955-жылы 18-октябрда Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда жарык дүйнөгө келген.

1973-жылы Кыргызстандын ордо шаары Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети) тарых факультетине тапшырган.

1978-жылы бул факультетти артыкчылык диплому менен аяктаган.

1978-86-окуу жылдары Жалал-Абад шаарындагы № 1 атайын техникалык орто окуу жайында тарых мугалими, деректирдин орун басары жана башка кызматтарда иштеген.

1986-88-жылдары Жалал-Абад шаарында компартиянын шаардык комитетинде парткабинеттин башчысы болуп иштеген.

1988-94-жылдары Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун деректири болгон.

1994-2000-жылдары Жалал-Абад шаарынын Билим берүү бөлүмүн жетектеди.

2000-2001-жылдары Жалал-Абад шаарынын акиминин орун басары болуп иштеди.

2001-2005-жылдары Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгын жетектеди.

2006-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин статс-катчысы болуп иштеди.

Акунжан Баказович Абдрашев 2011-жылдын 22-сентябрынан тартып Кыргыз өкмөт башчысынын буйругуна ылайык Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин ректору кызматын аркалап келет.

ЖАМУ тууралуу кыска сөз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин Жалал-Абад облусунун калайыгынын көптөгөн кайрылууларынын негизинде 1993-жылдын 2-апрелинде Жалал-Абат шаарында Жалал-Абат мамлекеттик университетин ачуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин № 101 Жардыгы чыккан.

Президенттин Жардыгын иш жүзүнө ашыруу үчүн 1993-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №197 токтомунун жана Билим берүү министрлигинин 15-майдагы №163/1 буйругунун негизинде Жалал-Абад мамлекеттик университети түзүлгөн.

Университеттин мезгил талабына ылайык адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү артып, профессордук-окутуучулук курамдын илимий потенциалы, окутуунун техникалык каражаттары жана жабдуулары менен камсыз болушу кескин жогорулап, республикабызда алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарына кошулду.

Бүгүнкү күндө ЖАМУда 11 факультетте 37 кафедра иштеп, 46 адистик боюнча 14 миңден ашык студентке 900дөн ашык профессор-окутуучулар билим беришет.

Алардын ичинен 12 илимдин доктору, профессорлор, 95и илимдин кандидаты-доценттер.

ЖАМУда окуу-илимий-методикалык комплекс түзүлгөн, университеттин алдында 5 коллеж, 2 институт, 1 көркөм академия иштейт. ЖАМУда студенттин өзү тандап алган адистигине даярдоо менен бирге кошумча жумушчу кесип үйрөтүүгө өзгөчө маани берилет. Университеттин илимий потенциалын жогорулатуу, окуу процессин жөнгө салуу, маалыматтардын жаңы технологияларын таанытуу, чарбалык жана каржы маселелерин чечүү, чет өлкөлөр менен байланышты чыңдоо боюнча атайын бөлүмдөр бар. Аскердик даярдыктан өткөрүүчү кафедра ачылган. Мындан сырткары атаандаштыкка туруштук бере ала турган адистерди даярдоо максатында студенттердин коомдук-саясий көз караштарын, маданий таанымдарын өстүрүүчү коомдук уюмдар жана фонддор иш алып барат.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Илимий-педагогдук жана коомдук ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акунжан Баказович Абдрашев КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясатын изилдеген адис катары маалым.

Эки илимий монографиянын, 40тан ашуун илимий макаланын автору.

Кыргыз Тарых Коомунун мүчөсү (2012).

2012-жылдын 2-июнунда “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин Жалал-Абат Форумун уюштурууну жетектеди жана ага жигердүү катышты.

Наамдары. Даражалары. Сыйлыктары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын мамлекеттик кызматынын мыктысы.

Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы.

Жалал-Абат шаарынын ардактуу атуулу (2007); ж.б.

Илимий эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О месте и роли образования в свете Концепции развития образования в КР до 2010 года.
  • К вопросу о текущих и прогнозных изменениях в высшам профессиональном образовании. – ISBN .

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]