Абдулла Тарак

Википедия дан

Абдулла Файзулла Тарак (1869, Наманган шаары — 1944, Ташкент шаары) — ырчы, обончу, Кыргыз ССР артисти (1940), Өзбек ССРинин ырчысы (1939). Ош өзбек музыкалык драма театрынын алгачкы актёрлорунун бири. Орто Азия эл ырларын аткарган. Анын ырлары грампластинкага жазылып алынган. Кыргыз исквосунун Москвада өткөн 1-он күндүгүнө (1939) катышкан. «Эмгекте каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. Ош областы энциклопедия. Фрунзе 1989-ж.