Абдулла ибни Аббас

Википедия дан

Калып:Ислам аалымы

Абдулла ибни Аббас (619-ж. - 68/687-ж.) – Мухаммед пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ белгилүү сахабасы, мусулман илимпоз жана укуктаануучу. Аббастын – Мухаммед пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ абасынын – уулу.

Өмүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Меккеде болжол менен хижрага чейин үч жыл мурун төрөлгөн. Бала кезинде Мухаммед пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ алдында чоңойгон, жана эрте жашынан андан диндин негиздерин үйрөнгөн.

Хижранын 8-жылына чейин Абдулла өз үй-бүлөсү менен Меккеде турган. Бирок, шаардын мусулмандар тарабынан алынышынын алдында алар Мадинага көчүшкөн. Хунайндагы жана Таифтеги салгылаштарга, ошондой эле мусулмандардын Меккени ээлешине катышкан. Алгачкы халифтердин тушунда алардын жакыны болуп турган, мусулмандардын Түндүк Африка менен Табаристанга болгон жортуулдарына катышкан.

Усмандын өлүмүнөн кийин Абдулла халиф катары Алини тааныган жана анын жардамчыларынын катарында болгон. Анан халиф Али аны Басранын наместниги кылып дайындаган. Бул кызматта турганында харижий көтөрүлүшүн баса алган, бирок, кийинчерээк бошонмого берген (кызматтан бошонгон) жана өмүрүнүн акырына чейин Меккеде калып, илимий ишкердик менен алектенген.

Халиф Муавиянын өлүмүнөн кийин Абдулла ибни Аббас Куфадагы элдин халиф Йазидге каршы көтөрүлгөн чакырыгына Хусейн ибни Алини жооп бербөөгө жана ал жакка барбоого көндүрүп көргөн. Бирок Хусайн (Үсөн) аны укпастан, ал жакка барып, көз жумган. Абдулла өз күндөрүнүн акырына чейин Хусайндын өлүмү үчүн кайгырган.

Абдулла ибни Аббас Таифте 70 жаш курагында өлгөн.

Аалым катары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдулла ибни Аббас мусулман укугу жагынан теоретик болгон. Фатва (укуктук буйрук) чыгаруу үчүн ал, барынан мурда, Куранга кайрылган. Эгер андан маселенин чечимин таба албаса, анда Мухаммед пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ Сүннөтүнө кайрылган, андан кийин Абубакр же Умар сыяктуу сахабалардын пикирлерине кайрылчу. Бул менен катар, Абдулла Куранды чечмелөөчү болгон. Алтургай, ага «Танвир ул-Микбас мин Тафсир ибни Аббас» деген аталыштагы Куран аяттарынын чечмелениши боюнча китептердин автордугу таандык кылынат.

Абдулланын терең таанымдарын, алтургай, Түндүк Африканын византиялык наместниги Георгий баалаган, качан, ал буга мусулман армиясынын башчылыгынан элчи катары жиберилгенде. Георгийдикинде Абдулла илимий диспутта катышкан, ошондон, наместник Абдулла ибни Аббастын арабдардын ичинен эң сабаттуусу экендигин айткан.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Сахабалар Калып:Аббасийлер Калып:Библиомаалымат