Абдулла ибни Умар

Википедия дан

Абдулла ибни Умар (74/693-ж. өлг.) – Мухаммед пайнамбардын эң атактуу сахабаларынын бири, халиф Умар ибни Хаттабдын уулу.

Өмүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Меккеде болжол менен Мухаммеддин пайгамбарлыгынын башталышынан үч жыл өткөн соң, же буга чейинки жылда төрөлгөн. Абдулла Исламды эрте жашынан кабыл алган, жана Мадинага көч (хижра) кылган. Жашы жетпегендиктен, ал Бадр менен Ухуддагы салгылаштарга катышпаган. Бирок, 18 жашка келери менен Хандак салгылашына жана кезектеги Мутадагы, Табуктагы салгылаштарга катышкан, Меккенин алынышына катышкан.

Мухамммед пайгамбардын өлүмүнөн кийин, Абдулла саясий жүрүмдөрдө жигердүү катышкан эмес, жана эч кандай маанилүү мамлекеттик кызматтарда болбогон. Бирок ал мусулман аскеринин курамында Түндүк Африкада (х. 27-ж.), Табаристанда жана Хорасанда (х. 30-ж.) согушкан.

Халиф Усмандын кайгылуу өлүмүнөн кийин, Абдулла ибни Умар өзүнө сунушталган бийликтен баш тартты, жана халиф катары Али ибни Абуталибди тааныды. Халифаттагы атуулдук согуш учурунда, ал бейтараптыкты сактады жана тараптардын эч бирине кошулбады. Бирок анын жактырымы Али тарапта болчу. Муавия ибни Абусуфияндын бийликке келишинен кийин, Абдулла кайта дагы согушка барган жана Константинополду курчоого катышкан.

Ал дагы бийликтердин залимдигине моюн сунуудан баш тарткан жана Умеййилердин Ирактагы өзүнүн ташбоордугу менен өзгөчөлөнгөн наместниги Хажажга каршы чыгуудан коркподу. Ошол эле мезгилде, Абдулла ибни Умар ошондой эле Абдулла ибни Зубайрды аябай сыйлаган жана анын кайгылуу өлүмүнө чын дилден кайгырган.

Хижранын 74-жылы, хаж (ажылык) убагында, кайсы-бир адам аны жарадар кылган, ошондон Абдулла ибни Умар каза болгон. Балким, кутумчу Хажаж тарабынан жиберилгендир.

Илимде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдулла ибни Умар сабаттуу жана билимдүү адам болгон. Куранды жана анын түшүндүрмөсүн, хадистерди, мусулман укугун мыкты билген. Кийинки көптөгөн укуктаануучу муундар фатваларды (укуктук буйруктарды) чыгарууда ага таянышкан.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Калып:Сахабалар