Садырбек Абдыбеков

Википедия дан
Абдыбеков, Садырбек‎»‎ барагынан багытталды)

Абдыбеков Садырбек (1871, Тору-Айгыр болушу, Каракол уезди — 1950, Ак-Суу району, Жол-Колот айылы) — белгилүү кыргыз натуралисти, саякатчы.

Теңир-Тоонун табиятын жакшы билген. Өткөн кылымдын ортосунда 1-жолу өз крайын ысык-көлдүк мергендер Султанбек Балбак уулу, Табылды жана Кудагелди Кылдаевдер менен кыдырып чыккан. Кийинчерээк (көп учурда караколдук мугалим А. А. Куценко менен бирге) Кочкор, Көкөмерен, Нарын, Ак-Сай, Сары-Жаз жана башка суулардын алаптарын кыдырып, табият менен жаныбарлардын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүлгөн.

1900—15-ж. Ички жана Борбордук Теңир-Тоону, Ысык-Көл кылаасын жана Кыргызстандын аймагынан тышкаркы бир катар жерлерди изилдеген чет элдик (Д. Алмаши, 1900; Г. Мерцбахер, 1902—03; Д. Принц, 1906 жана башка), орус (В. В. Сапожников, 1902; С. И. Абрамов, 1910; В. Н. Шнитников, 1912—14 жана башка) экспедицияларына катышкан.

Абдыбеков жол көрсөткүч, коллектор, тилмечтик милдетти аткарып, ошондой эле экспедицияны илимий маалыматтар менен (жапайы айбанаттардын жашоо шарты, туру, географиялык таралышы, уя салышы, учушу жана башка) жабдыган. Абдыбековдун фауна боюнча жыйнаган коллекциялары революцияга чейин Москва, Петроград, Томск, Лондон, Гамбург, Дрезден шаарларындагы музейлерге коюлуп, айрым окумуштуулар тарабынан изилденип, баяндалып жазылган.

Абдыбеков советтик мезгилде да өзүнүн ишин таштаган эмес. 1929—43-ж. Караколдогу чумага каршы станцияда иштеп, анда сыртка болгон экспедицияларга катышкан. «Жол-Колот» башкармасынын 1-төрагасы; Ысык-Көлдө аңчылар чарбасында ипггеген. Караколдо жерге таануу музейин түзүшүп, ага өзүнүн даярдаган коллекцияларын берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.