Абдыкадыров, Жалил

Википедия дан
Абдыкадыров, Жалил
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Абдыкадыров Жалил
Туулган жылы: 1932-жыл
Туулган жери: Чырак айылы, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 1984-жыл
Өлгөн жери: Алматы калаасы, Казак ССРи
Сөөгү: Чоң-Арык көрүстөнүнө коюлган, Фрунзе шаары
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр режиссеру, драматург, котормочу , жазуучу
Наамдары: Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1953-1984-жылдар
Театр: Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры

Абдыкадыров, Жалил (1932, Жети-Өгүз району, Чырак айылы — 1984, Фрунзе шаары) — кыргыз театр режиссёру, драматург, котормочу, жазуучу, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1964), республиканын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). А-дун чыгармачылык ийгиликтери анын режиссурасына таандык болгон көптөгөн мыкты спектаклдерден көрүнөт.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1946-жылы Каракол шаарындагы Максим Горький атындагы педагогикалык окуу жайын, 1954-жылы Ташкендеги А. Н. Островский атындагы театр институтунун режиссёрдук факультетин бүткөн.

1954—60-жылдары Ысык-Көл облустук драмтеатрында башкы режиссёр, 1960-61-жылдары Кыргыз драма театрында режиссёр-коюучу, 1961—73-жылдары Кыргыз академиялык драма театрында башкы режиссёр, 1973—77-жылдары Кыргыз ССРинин телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мамлекеттик комитетинин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору, 1977—80-жылдары Нарын музыкалуу драмтеатрынын режиссёр- коюучусу, 1980-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент, 1982-жылдан Кыргыз академиялык драма театрында режиссёр-коюучу, 1983-84-жылдары ушул эле театрда башкы режиссёрдун милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Ж. Абдыкадыров таланттуу режиссёр катары кыргыз театр искусствосун профессионалдык жогорку деңгээлге көтөргөн инсандардын катарына кирет.

Абдыкадыров орус, батыш классиктеринин жана азыркы кездеги авторлордун чыгармаларын театрлаштырган.

Ал жазуучу жана драматург катары бир кыйла оригиналдуу пьесалардын, 3 китептин, интермедиядардын, аңгемелердин, макал-лакаптардын, ырлардын автору, көптөгөн котормолордун ээси.

Медалдар менен сыйланган.

Койгон спектаклдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.
  • Жаныш Кулмамбетов, Эпос драмалык сахнада, Сахна чындыгы - ойдун чындыгы ж.б. макалалары. Аталган автордун “Театр дүйнөсүндө” китебинен, Ф., “Кыргызстан”, 1987.
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]