Абдылас Малдыбаев

Википедия дан
Абдылас Малдыбаев
Негизги маалымат
Туулган датасы

24 -июнь (7 -июль) 1906(1906-07-07)

Туулган жери

Кара-Булак, Вернен уезди,
Жети-Суу облусу, Орусия империясы

Өлгөн датасы

1 -июнь 1978(1978-06-01) (71 жаш)

Өлгөн жери

Фрунзе , Кыргыз ССРи, СССР

Өлкө

 Орусия империясы
 ССРС

Кесиптери

композитор,
ырчы,
Калып:Опера ырчы, Калып:Кинокомпозитор, Калып:Музыкалык педагог

Сыйлыктары || Ленин Ордени  — 1939 || «Ардак Белгиси» ордени  — 1966 || Октябрь Революциясы Ордени — 1976 ||
«1941—1945-жж. Ата Мекендик Согушта мыкты эмгеги үчүн» Медалы
«1941—1945-жж. Ата Мекендик Согушта мыкты эмгеги үчүн» Медалы
|| Эмгек Кызыл Туу ордени — 1946 || Эмгек Кызыл Туу ордени — 1951 || Эмгек Кызыл Туу ордени — 1958 || СССР Эл артисти— 1939 ||

Абдылас Малдыбаев (7-июль 1906, Кара-Булак айылы, Кемин району, Чүй облусу1-июнь 1978, Фрунзе, Кыргыз ССР) — советтик кыргыз композитор, ырчы (тенор) жана артист, кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири. Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1937), СССР эл артисти (1939). Москва консерваториясын бүтүргөн. 1930-жылы Фрунзе музыкалык техникумунда директор, 1933-жылыдан Кыргызстан музыкалык студиясында (кийин опера жана балет театры) артист, 1939–67-жылы Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, 1953–54-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык хореография окуу жайынын директору болгон. Малдыбаевдин чыгармачылык иши 1922-жылы дан башталган. Алгачкы ырлары («Акинай», «Кызыл жоолукчан», «Өмүр», «Забойщиктер») эл арасына кеңири тарап, обончу катары таанылган. М. 300дөй чыгарма жараткан (анын 200дөйү ыр).

Композитор В. А. Власов, В. Г. Фере менен бирге «Ажал ордуна» музыкалык драмасын, «Айчүрөк», «Патриоттор», «Манас», «Көл боюнда», А. Веприк, М. Абдраев менен бирге «Токтогул» операсын жана Кыргыз ССР гимнинин музыкасын жазган. М. В. Власов, В. Фере, М. Абдраев ж. б. композиторлор менен бирге кантаталарды, вокалдык-симфониялык чыгармаларды жараткан. Ал драма жана опера спектаклдеринде бир катар элестүү образдарды түзгөн. Мисалы: «Алтын кыз» музыкалык драмасында Кузнецовдун, «Ажал ордунда» Бектурдун, «Айчүрөк» операсында Күлчоронун, «Айдар менен Айшада» Телтайдын, «Аршин мал алан» музыкалык комедиясында Аскердин, «Евгений Онегин» операсында Ленскийдин, «Токтогулда» Керимбайдын ролун аткарып, ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын артист-тик чоң чеберчилик менен ойногон. Малдыбаев Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). СССР Жогорку Советинин депутаты (1937–46). Ленин, Октябрь Революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Малдыбаевдин ысымы менен Кыргыз опера жана балет театры, Бишкек шаарынын бир көчөсү аталган.