Абдылда Мусаев

Википедия дан

Мусаев Абдылда Инаятович (20-январь 1956, Фрунзе, Кыргыз ССР) – адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор, Бишкек гуманитардык университетинин ректору.

Эл аралык «Түгөлбай – Ата коому» сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз адабиятынын, адабият таануусунун жана адабий көркөм сынынын ар кыл маселелерине арналган макалалардын, изилдөөлөрдүн автору.

Анын калеминен 100гө жакын илимий, педагогикалык маанайдагы эмгектер жаралган. Алардын ичинде 3 монография, 4 окуу китеби, бир катар программалар, окуу – методикалык куралдар бар. Мусаев түзгөн программа жана окуу китептери аркылуу кыргыз адабияты предмет катары орус тилдүү мектептерде окутула баштады. Анын «Интернациональное в художественном образе», «Всматриваясь в мир инонациональных героев» ж. б. эмгектеринде кыргыз адабиятындагы улуттуулук жана интернационалдуулук маселелери кылдат изилденсе, «Азыркы кыргыз сынынын кыймылы: жаңылануу жана эскинин күүсү», «Кош түбөлүк мамлекеттик жазуучу, же рынок адабияттын ырыбы же ыйыбы?» өңдүү макалаларында улуттук көркөм сындын ал-абалы, ал эми «Жаңылануу драматизми», «Азыркы кыргыз романынын поэтикасы» аттуу китептеринде кыргыз прозасындагы «поэтика» маселеси ар тараптан иликтенет.

Мусаев Абдылда кыргыз адабият таануусундагы Сыдыкбеков таануу илиминин өнүгүүсүнө чоң эмгек сиңирди. Бул багытта кыйла макалалар, окуу – методикалык куралдар жаралды. Бөтөнчө анын «Түгөлбай Сыдыкбеков: «Адам тагдыры жана чыгармачылык тагдыр» аттуу фундаменталдуу эмгегин белгилөөгө болот. Мында биринчи жолу Т. Сыдыкбековдун роман жаратуу багытындагы эстетикалык тажрыйбасы системалуу түрдө изилденип, идеологиялык диктанттан бошогон азыркы илимдин бийиктигинен кайрадан таразаланып каралды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004