Жакыпбек Абдылдаев

Википедия дан
Абдылдаев, Жакыпбек‎»‎ барагынан багытталды)

Абдылдаев, Жакыпбек – акын. Сокулук районуна караштуу Жал айылында 1948-жылы 2-январда туулган. 1966-жылы Фрунзедеги № 5-орто мектепти бүтүрүп, Советтик Армиянын катарында милдет өтөп келген соң КыргызТАГда корректор, В.И.Ленин атындагы заводдо жыгач уста, 1973–1993-жж. Кемин районунун Ак-Түз кен башкармасында жардыруучу болуп иштеген. Ошол эле жылы «Макмалалтын» кен комбинатына которулуп, ушул мегзилге чейин эмгектенип келет.

Анын алгачкы ыры «Жаз күндөрү» деген ат менен «Ленинчил жаш» гезитине 1966-жылы жарыяланган.

Биринчи китеби 1973-жылы «Сагыныч» деген ат менен «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн. Эки обону Маданият министрлиги тарабынан фондуга кабыл алынган (1983).

Ал Чернобыль АЭСинде болгон кырсыктын кесепетин жоюуга катышып келген. 1970-жылы «Жоокердик каармандыгы үчүн» юбилейлик медалы, 1976-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы, 1990-жылы СССРдин түстүү металлургия жана профсоюздардын Бүткүл Союздук Борбордук Советинин (ВЦСПС) «Ардактуу кенчи» наамы ыйгарылган.

Ж.Абдылдаев 1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Тоголок Молдо атындагы (2008) сыйлыктын лауреаты.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сагыныч: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1973.

Жакшы көрөм кызылды: Балдар үчүн ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976.

Шор башат: Сатиралык ырлар. – Ф.: Адабият, 1986.

Алтын кенин казгандар: Ырлар. – Б.: Учкун, 1998.

Тикендүү гүлдесте: Ырлар, пародиялар, сатиралык ырлар. – Б.: Бийиктик, 2003.

Бал челек: Балдар үчүн ырлар. – Б.: Гүлчынар, 2008.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]