Мамбет Абдылдаев

Википедия дан
Абдылдаев, Мамбет‎»‎ барагынан багытталды)

Мамбет Абдылдаев (1929-жылы Токтогул району, Мазар-Суу кыштагы.) - малчы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1971). Мал чарбасынын устаты (1967). 1967-жылдан КПСС мүчөсү. 1954-жылдан Токтогул районундагы Токтогул атындагы совхоздо койчу, 1960-жылдан баш чабан, 1986-жылдан ирилештирилген чабандык бригаданын башчысы. Он биринчи беш жылдыкта төл алуу планын 139%ке, жүндүкүн 148%ке аткарган. 1966-70-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты[1].

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Эки Ленин ордени, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ «Кавалер», 2008. — Т. 2. — 200 с.
  1. Список депутатов Верховного Совета СССР VII созыва