Табылды Абдылдаев

Википедия дан
Абдылдаев, Табылды‎»‎ барагынан багытталды)

Абдылдаев Табылды (1932-ж. т., Ысык-Көл району, Бостери айылы) — философ, философия илиминин доктору (1968), профессор (1969). Кыргыз Республикасынын ИАнын мүчөсү (1989).
1952-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн.
1953— 56-ж. Москва мамлекеттик университетинде аспирант, 1956—66-ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1966—88-ж. КММИнин философия кафедрасынын башчысы, 1988- жылдан Кыргыз Республикасынын ИАнын философия жана укук институтунда адамдын экологиясынын философиялык маселелери боюнча белгилүү адистердин бири.
Анын негизги илимий эмгектери биологиялык түр жана түрдүн келип чыгышынын методологиялык проблемаларына арналган. Абдылдаевдын илимий эмгектери илимдин өнүгүшүнүн перспективалуу багыты, башкача айтканда азыркы мезгилдин кеңири экологиялык проблемалары менен тыгыз байланышкан.
Ал Бишкек шаарындагы философтордун илимий эмгектериннн жогорку окуу жайлар аралык тематикалык жыйнагын чыгарууну уюштурган. Анын жетекчилиги жана редакциялоосу менен КММИнин философия кафедрасында 8 илимий эмгек чыккан; экология боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин коллективдүү монографиясы жарыяланган.
Азыр анын жетекчилиги менен «Илимий-техникалык революциянын шартындагы табигый, жасалма жана социалдык диалектика» проблемасы боюнча комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Абдылдаев 70 илимий эмгектин (анын ичинде 12 монография, анын 4 китеби авторлош, оштндой эле 6 китепче) автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.