Абды Сүйөркулов

Википедия дан
Абды Сүйөркулов
Желек
Желек
Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасы
10-июль 1950 — 6-март 1958
Андан мурунку: Исхак Раззаков
Андан кийинки: Казы Дикамбаев
Желек
Желек
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы
1947 — 1950
Андан мурунку: Кадыралы Жаналиев
Андан кийинки: Болот Мамбетов
 
Туулган жылы: 12 (25) -декабрь 1912(1912-12-25)
Туулган жери: Төркен кыштагы, Ош уезди, Фергана облусу, Орусия империясы
Каза болгон жылы: 10 -октябрь 1992(1992-10-10) (79 жаш)
Партиясы: ВКП(б) (1940-жылдан тарта)

Абды Сүйөркулов (12-декабрь 1912, Төркен кыштагы, Ош уезди, Фергана облусу, Орусия империясы; азыр Токтогул району, Жалал-Абад облусу, Кыргызстан10-октябрь 1992) — Кыргыз ССРинин советтик мамлекеттик жана партиялык ишмери, Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин төрагасы (1950—1958).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрьда Токтогул районундагы Төркен айылында туулган.

1940-жылдан тарта КПСС мүчөсү. 1932-жылга чейин орто жана жогорку окуу жайларда окуган. 1932-1941-жылдары райондук жана областык чарбалык уюмдарда жетекчи кызматтарда. 1941-1942-жылдары Эмгекчи депутаттарынын Жалал-Абад областык советинин аткомунун председатели, 1942-1944-жылдары Кыргызстан БКнын секретары. 1946-ж. ВКП(б) БКнын Партиялык жогорку мектебин бүтүргөн. 1946-1949-жылдары Кыргызстан КП(б) БКнын үчүнчү жана экинчи секретары. 1947-1950-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин, 1950-1959-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин председатели. 1959-1969-жылдары Кыргыз ССР соода министри. 1946-1962-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты.

Сүйөркулов 1992-жылы 10-октябрьда дүйнөдөн кайткан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу ордени менн сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989-жыл.