Абразивдүү материалдар

Википедия дан

Абразивдүү материалдар (абразивдер) – металл үстүңкү бетин, минералдар, тоо-тектер, айнек ж.б. механикалык иштетүү үчүн колдонулуучу майда күкүм (бүртүкчө) түрүндөгү катуу зат. Абразивдүү материалдардын эң негизги мүнөздөмөсү – абразивдик бүртүкчө (күкүм) формасынын түрдүүлүгү. Абразивдик бүртүкчө өлчөмү ж-а анын бирдейлиги Абразивдүү материалдардардын абразивдик жөндөмдүүлүгүн аныктайт. Абразивдүү материалдар табигый (алмаз, корунд, чарыкташ,гранит, талаа шпаты,пемза) ж-а жасалма (электрокорунд, карборунд,бор карбиди,жасалма алмаз,[[ монокорунд) болуп бөлүнөт. Алар катуулугу, бекемдиги, кыруу, жышуу иштерине чыдамдуулугу, бөлүкчөлөрүнүн формасы, өлчөмү ж-а саны м-н мүнөздөлөт. Абразивдүү материалдардардын катуулугу анын бетине алмаз пирамидасынын калтырган изинин саны м-н аныкталат. Жасалма абразивдүү материалдар колдонулган аспаптар миздери жука келип, катмарлап кырып жонууга мүмкүндүк берет. Алардын өтө катуулугунун негизинде кыруу-жонуу иштери ылдамдап, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт. Абразивдүү материалдар паста, күкүм ж-а суспензия же картондорунун бетине байланыштыруучу зат аркылуу бекитилген материалдар түрдө болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш С. Адылов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6