Абсолюттук геометрия

Википедия дан

Абсолюттук геометрияЕвклид геометриясынын параллелдүүлүк жөнүндөгү 5-аксиомасынан (постулатынан) башка (тиешелүүлүк, тартип, конгруэнттүүлүк, үзгүлтүксүздүк) аксиомаларына негизделип түзүлгөн геометрия. Абсолюттук геометрия Евклид геометриясы менен Лобачевский геометриясы үчүн жалпы сүйлөмдөрдү камтыйт. «Абсолюттук геометрия» терминин математикага 1832-ж. Я. Больяй киргизген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004