Абстрактуудан конкреттүүлүккө көтөрүлүү

Википедия дан

Абстрактуудан конкреттүүлүккө көтөрүлүү (орус. Восхождение от абстрактного к конкретному) – теориялык ойдун предметин бүтүн, ар тараптуу, толук элестетүү кыймылынан турган илимий изилдөөнүн методу.

Диалектикалык салтта абстракттуу кең мааниде билүүнүн бир тараптуулугу, «жардылыгы» ал эми конкреттүү – анын толуктугу, мазмундуулугу катары каралат. Ушундай мааниде абстракттуулук принциби илимий таануу процессинин азыраак мазмундуулуктан көбүрөөк мазмундуу билүүгө өтүү багытын мүнөздөйт. «Абстракттуу» жана «конкреттүү» түшүнүктөрү алгач Гегель тарабынан пикирдин мазмундуулугун, өнүккөндүгүнүн айырмасын мүнөздөө үчүн колдонулган. Гегель конкреттүүнү эс-акыл менен, ал эми абстракттууну – ойлоо, ой жүгүртүү менен байланыштырган. Абстрактууну Гегель жаңы, конкреттүү мазмунду пайда кылуу жолу аркылуу айкындалган, келишпестиктерди жеңип чыгуунун негизинде ойлоонун өнүгүшү катары түшүнгөн. Бирок Гегель бул ойдун өнүгүүсүндөгү эң маанилүү мыйзамченемдүүлүктү түшүнүктүн өз алдынча өнүгүүсү катары түшүндүрмө берип, мистификациялаган. Гегелдин конкреттүүлүктү ой жаратат деген идеясына Маркс конкреттүү ойдо чагылат, элестетилет деген материалисттик идеяны каршы койгон. Маркстын пикирине ылайык, конкреттүү көп аныктамалардын синтези, ар түрдүүлүктүн биримдиги. Абстрактуулук методунун жардамы менен ой жүгүртүү конкреттүүлүктү өзүнө камтып, аны рухий конкреттүүлүк катары кайра жаратат. Бирок бул эч качан конкреттүүнү жаратуу процесси эмес.

Абстрактуулук – бул теориялык ой жүгүртүүнүн өнүгүүсүнүн мазмундук-конструктивдик процесси. Ал жаңы абалдар менен түшүнүктөрдү колдонуунун натыйжасында ой жүгүртүүнүн үзгүлтүксүз байышына өбөлгө түзөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]