Абстракционизм

Википедия дан
Малевич, Казимир Северинович
Кара квадрат (1915).

Абстракционизм (лат. abstractio — алыстоочулук) — искусство менен көркөм адабияттагы реализмге (к.) каршы агым. Азыркы кезде Батыштын бир катар өлкөлөрүндө айрыкча Америка Кошмо Штаттарында кеңири тараган модернисттик искусствонуи бир көрүнүшү. Бул агым XX кылымдын баш ченинде gайда болуп, азыр экспрессионизм, кубизм, футуризм (к.) акмеизм, сюрреализм сыяктуу формaларда жашайт. Бул агымдардын бардыгына мүнөздүү белги реалисттик жана демократтык маданиятка каршы туруп, реализмди эскирген метод деп эсептеп, империализмдин реакциячыл идеологиясын ар жактан колдоону максат кылат. Абстракционисттер коом турмушунун реалдуу чындыгын чагылдыруудан баш тартышат. Жасалмалуулук, гуманизмге каршы туруучулук, эгоизм — жеке кызыкчылыкты көздөөчүлүк модернисттик искусствонуи негизги белгилери болуп саналат.

Абстракттуу искусство – абстракционизм, предметсиз искусство-сүрөттө, скульптура (кутуну) жана графикада, кадимки нерселерди окшоштуруп берүүдөн атайын баш тарткан, негизинен искусство агымы. Абстракттуу искусствонун мазмуну “искусство искусство үчүн” деген идеалисттик концепцияга, ошондой эле сүрөтчү дүйнөнү субъективдүү чагылдыруу далалатына негизделет. Абстракттуу искусство 20-кылымда бир нече агымга бөлүнүп жаткан учурда пайда болду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]