Абхазия

Wikipedia дан

Абхазия, Абхаз Республикасы Закавказьенин түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 8,6 миң км2. Калкы 170 миңден ашык (2004). Абхазиянын курамында 5 административдик район, 7 шаар, 4 шаарча бар. Борбору Сухуми шаары. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн абхаздар түзөт, ошондой эле армян, орус жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 48%. Ири шаарлары: Сухуми, Ткварчели, Гагра, Очамчира, Гудаута, Гали. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Башкы Кавказ кырка тоосунун тармактары ээлейт. Түштүк-батышын Кара деңиз чулгайт. Түштүк-чыгышында Колхида ойдуңунун ичке тилкеси созулуп жатат. Климаты ойдуңдарында жана тоо этектеринде жылуу, нымдуу субтропиктик, тоолордо нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орточо температурасы жээк тилкесинде 4-7°С, тоолорунда 2ден -2°Сге чейин, июлдуку 22-24°С жана 16-18°С. Жылдык жаан-чачыны 1300-2400 мм. Ири дарыялары: Кодори, Бзыбь. Көлү Рица. Ойдуңдары жана адырлары күл, кызыл, сары, тоолору күрөң, чымкөңдүү шалбаа топурактуу. Аймагынын 55%ин токой ээлейт, деңиз жээктеринде субтропиктик өсүмдүктөр өсөт. Рица, ПицундаМюссерск коруктары уюшулган. Абхазиянын аймагына адамдар төмөнкү палеолит доорунда отурукташа баштаган. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын аягында Абхазиянын аймагын мекендеген көптөгөн уруулар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар жазма эстеликтерде (Страбон жана башка) эскериле баштайт. Биздин заманга чейин 6-кылымда Абхазиянын жээктеринде грек колониялары Диоскурия (азыркы Сухуми), Питиунт жана башкалар пайда болгон. Биздин заманга чейин 2-кдын аягында Абхазия понтий падышасы Митридат VI Евпатордун, биздин заманга чейин 65-жылдан римдиктердин көзөмөлүнө өтүп, Себастопол (Сухуми), Питиунт (Пицунда) чептери курулган. Биздин заманга чейин 1-кылымдын аягында Абхазиянын аймагында жергиликтүү апсил, абазг жана саниг уруу бирикмелери калыптанган. 6-кылымда христиан дини расмий дин катары кабыл алынып, чиркөөлөр курула баштаган. 6-кылымдын ортосунан бүткүл Батыш Закавказье Византиянын көзөмөлүнө өткөн. 8-кылымдын 80-жылында Абхазиянын башкаруучусу Леон II өлкөнү Византиянын бийлигинен куткарып, борбору алгач Анакопия, кийин Кутаиси болгон Абхаз падышачылыгын негиздейт. 10-кылымдын аягы 15-кылымда Абхазия Грузин падышачылыгынын курамына кирген. 16-кылымда Абхазия өзалдынча княздык болуп бөлүнүп чыккан, бирок көп узабай түрктөр тарабынан каратылат. Сухумкале чеби түрктөрдүн Абхазиядагы таяныч чебине айланган. 17-18-кылымдарда Абхазия Осмон империясынын вассалына айланган соң ислам динин таратуу аракеттери күч алган. 18-19-кылымдын башында жергиликтүү элдер бир нече жолу (1725, 1728, 1733, 1771, 1806) Осмон бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыккан. 1810-ж. Абхазия Россияга каратылган. 1862-ж. абхаз алфавити түзүлгөн. 1864-жылдан Абхазия түздөн-түз россиялык башкарууга өтүп, княздык «Сухумилик аскер бөлүмүнө» айландырылган. 1921-ж. 4-мартта совет бийлиги орнотулуп, Абхаз ССРинин түзүлгөндүгү жарыяланат. 1922-ж. Абхазия Грузин ССРинин курамында ЗСФСРге, 1922-ж. 30-декабрында ЗСФСРдин курамында СССРге кирген. 1925-ж. 1-апрелде биринчи Конституциясы кабыл алынган. 1931-жылдын февралынан Абхазия автономиялуу республика катары Грузин ССРинин курамында келген. 1989-ж. башталган грузин-абхаз чатагы 1992-94-ж. согуштук аракеттерге алып келген. 1994-ж. Абхазияга КМШ өлкөлөрүнүн тынчтыкты орнотуу күчтөрү, негизинен россиялык аскерлер киргизилет. Согуштук аракеттер токтотулгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин Абхазиянын статусу жана анын Грузия менен мамилелери жөнгө салынбастан калып келет. Тамак-аш (чай, тамеки, шарап, консерва жана башка), жеңил (булгаары-бут кийим, жибек кездеме өндүрүшү), жыгаччылык, машине куруу өнөржайы, курулуш материалдар өндүрүшү бар. Таш көмүр казылып алынат. Ткварчели ГРЭСи, Сухуми ГЭСи иштейт. Чай, тамеки, цитрус, эфир-май өсүмдүктөрү, тунг, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Жүгөрү айдалат. Башкы порту Сухуми. Курорттору: Сухуми, Гагра, Пицунда, Жаңы Афон, Гудаута.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | edit source]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1