Абшыр-Сай, өзөн

Википедия дан
Абшыр-Сай
Абшыр-Сай шаркыратмасы
Абшыр-Сай шаркыратмасы
Мүнөздөмө
Узундугу 62 км
бассейндин аянты 230 км²
Суу агымы
Аягы [[Нарын дарыясы]]
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Абшыр-Сай (иран тилдеринде: 1) об/аб – суу, шир – сүт, кыргызча – сай; ак көбүктөнгөн суу; 2) обшир – шаркыратма; шаркыратмалуу сай) – Ош облусундагы суу.

Кара-Дарыянын алабында. Узундугу 62 км, алабынын аянты 230 км2. Кичи Алай кырка тоосунан башталат. Жогорку бөлүгүндө кууш жана терең капчыгай аркылуу агып, Найман кыштагынан кийин Фергана өрөөнүнө чыгат. Төмөнкү агымы Жылгынсай аталат. Ортоңку агымында Абшырсай шаркыратмасы, 89 чакан куймасы бар, ирилери: Маляран, Ширан жана башка. Жылдык орточо чыгымы 1,68 м3/сек; эң көбү 13,0 м3/сек, эң азы 0,51 м3/сек. Сугатка пайдалангандыктан Кара-Дарыяга жетпейт. Боюнда Көтөрмө, Найман кыштактары жайгашкан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]