Авиз

Википедия дан

Авиз ― суу тартыш аймактарда же калктуу конуштарда сууну топтоо жана сактоо үчүн курулган жасалма көлмө. Өлчөмү анча чоң эмес, адатта тегерек же төрт бурч формасында казылат. Мурда, суу куурлары курула элек мезгилдерде, шаар жана кыштактарда чектелген жерлерде казылып, суу алып туруу үчүн пайдаланылган. Негизинен Фергана өрөөнүндө кеңири таралган. Башка тилдерде хауд (арабча),хавза («ойдуң» маанисинде), хавд (тажикче –көл), ховуз (өзбек, түркмөн, азербайжан тилдеринде – көлмө, суу сактагыч), хавуза (грекче) деп аталат. Термин географиялык аттардын бир компонентин да түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз улуттук энциклопедиясы


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D0%B2%D0%B8%D0%B7