Австралиялыктар

Википедия дан

Австралиялыктар - 1) Австралиянын жергиликтүү калкы (аборигендер). 1991-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча 265 459 адам өздөрүн аборигендер деп катталышкан. Австралиялыктардын тили 26 топко бөлүнүп, 500 (кээ бир изилдөөлөрдө 200) диалектиде, көп бөлүгү англис тилинде же пиджин инглиш тилинде сүйлөшөт. Австралиялыктардын ата-бабалары 40 миңдей жыл мурда түштүк -чыгыш Азиядан келгендер. Саны 100-2000 (көп бөлүгүндө 500-600) адамдан турган 400-700дөй урууга бөлүнүп, ар уруунун өзүнчө аймагы болгон. Алардын ичинен белгилүүлөрү: Австралиянын түштүк-чыгышында камиларой, курнай, нарриньер; чыгышында вакка, каби; борбордук бөлүгүндө арабан, аранда, варрамунга, диери; түндүк-батышында кариера, ньоль-ньоль аттуу уруулары мекендешет. Аборигендер 19-кылымга чейин негизинен адчылык жана балык уулоочулук менен кесиптенип, жыгач, сөөк, таш куралдарды колдонушкан. Кээ бир урууларынын негизги куралы бумеранг болгон. Австралиялыктар ыйык деп эсептешкен буюмдардын беттерине, өз денелерине сүрөттөрдү тартышып, тотемдик түшүнүктөгү магиялык ырым-жырымдарды жасашкан. Алар еврейлик колониялаштырууга чейин 300 миң адам болсо, түпкү жергиликтүү элдин резервацияланышы, жугуштуу оорулардын таралышы жана ачкачылыктын негизинде 1966-ж. 40 миңи гана калган. Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин турмуш шарттары жакшырып, элдин саны өстү. 1967-ж. аборигендерге бардык граждандык укуктар берилген. Азыркы мезгилде Австралиялыктардан интеллигенция пайда болуп, элдин 70%и шаарда, шаарчаларда жашашат; 2) улут, Австралиянын негизги калкы, саны 19 400 миң киши (2001). Австралиялыктардын курамын аборигендер (1%), европалыктар (95%), азиялыктар (4%) түзөт. Англис тилинин австралия диалектисинде сүйлөшөт. 17-кылымдын башталышында Австралияга Европадан алгач голландиялык моряктар келген. 1768-71-жылдагы Ж. Куктун экспедициясынан кийин Австралияга Англиядан, Ирландиядан, Шотландиядан; 1851-61-ж. Австралиядан алтын табылгандан кийин Германия, Нидерландия, Грекия, Италия, Кытай, АКШ, Канададан эмигранттар келген. Австралиялыктар 400 миңден 1200 миңге чейин өскөн. 1901-ж. 1-январда колониялар Австралия Союзуна биригип, доминион укугуна ээ болушат. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Австралиянын эли 7,4 млнго жакын адамды түзсө, согуштан кийин 5 млн адам көчүп келген. Австралияда азыркы мезгилде 100дөн ашык улут жашап, 75-100 тилде сүйлөшөт. Калкынын 85%ке жакыны шаарда жашашат. Дини боюнча негизинен христиандар. Кыштактарда жашаган Австралиялыктардын негизги кесиби кой чарбачылык, вино жасоо, ошондой эле тамеки, кант камышын өстүрүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1