Австралоид расасы

Википедия дан

Австралоид расасы - веддо-австралиялык расанын курамындагы кичи раса. Австралоид расасына негизинен австралиялык аборигендер (түпкүлүктүү тургундар) кирет, ошондой эле Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия, Батыш Океаниянын айрым аймактарындагы элдерде кездешет. Алар өңү каратору, көзү кара, чачы тармал келип, африкалык негрлерден жазы мурундуулугу, калың эриндүүлүгү, узун жаактуу, орто бойлуулугу жана денесинин түктүүлүгү менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1