Автогенез

Википедия дан

Автогенез (авто... жана гр. genesis— пайда болуу) - эволюциялык окуудагы организмдердин эволюциясын ички факторлордун гана таасири менен түшүндүрүүгө аракеттенген биологиядагы идеалистик концепция. Баштапкы ички мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде, багытталган мүнөзгө ээ болгон, белгилүү нерсенин өөрчүшү. Ж. Б. Ламарктын «градация» жөнүндөгү окуусу автогенетикалык мүнөзгө ээ.

Автогенез идеясын зоологдор К. Бэр, А. Кёллинкер, Л. С. Берг, ботаник К. Негели, С. И. Коржинский, палеонтолог Э. Коп жана башкалар өнүктүрүшкөн. Автогенезди Ч. Дарвин, А. Вейсман, К. А. Тимирязев, А. Н. Северцов жана башка дарвинист-биологдор катуу сынга алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]