Автоматтык болот

Википедия дан

Автоматтык болот – курамында күкүрт м-н фосфору көбүрөөк, кесүүчү станок, автоматтар, тетиктер даярдоого арналган болот. Автоматтык болот курамында 0,08 - 0,45 % көмүртек, 0,15 - 0,35 % кремний, 0,6 - 1,55 % марганец, 0,08 - 0,30 % күкүрт, 0,05 - 0,16 % фосфор болгон түрү чыгарылат. Курамында күкүрт көбүрөөк болгондо, андан жасалган тетикти жонуп, кыруу жеңил болот. Автоматтык болот ийилгичтиги ж-а чоюлгучтугу кадимки көмүртектүү болотторго салыштырганда начарыраак, б.а. морт келет. Автоматтык болот даярдалган тетиктер термикалык иштетүүсүз пайдалангандыктан, алардан бөрктүү ж-а сайлуу бурамалар, автомобиль м-н приборлордун кээ бир тетиктери жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш С. Адылов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6