Автоматтык латунь

Википедия дан

Автоматтык латунь (коргошундуу латунь) - коргошунду кошуу м-н сапаты жогорулатылган латунь курамы 57-75 % жез, 0,8-3,0 % коргошун, калганы цинктен турат. Автоматтык латунь курамындагы коргошун, механикалык иштетүүдө металлдардын кыска ж-а сапырылган күкүмдөрү пайда болушуна кескич куралдардын тез арада иштен чыгып калбоосуна, о. эле тетик жасоочу автоматтык станоктордун иштөөсүн ылдамдатууга шарт түзөт. Анын механикалык касиети курамына, абалына чыдамдуулук чегине 300-600 мн/м2 (30-60 кг см/мм2); салыштырмалуу узарышына (2-5 %) жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш С. Адылов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6