Автордук мүнөздөмө

Википедия дан

Автордук мүнөздөмөавтордук баяндоонун адамды, окуя- кырдаалды мүнөздөөчү түрү. Бул ыкмада автор көрүнүштү мүнөздөйт, ага мамилесин билгизет. Мис., “Биз келсек Урмамбет үйдө жайланып отуруп калыптыр. Баягы Урмамбет эмес: үстүндө бир сур шинели бар, ичинде төш чөнтөктүү сур көйнөк, бутунда кычыраган жаңы сары өтүк. Бир кийими жарашып, түптүз, типтик, чарчы бойлуу, шыңкыйган бир сырдуу солдат болгон да калган! Баягыда ушул жол менен Германияга жөнөткөн солдаттардан түк айырмасы жок. Жалгыз гана башында кыргызча көк көрпө тебетейи бар” (М.Элебаев)

Адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3